9-июнь: Сыйынуу күнɵɵкɵрлɵр үчүн

Jakshy Kabar Media

9-июнь: Сыйынуу күнɵɵкɵрлɵр үчүн

9-июнь
Сыйынуу күнɵɵкɵрлɵр үчүн
Жон Пайперден насаат сөз

«Теңир, бизге сыйынууну үйрөтчү».

Лука 11:1

Кудай жеткилең адамдардын сыйынуусуна эмес, күнɵɵкɵрлɵрдүн сыйынуусуна жооп берет. Эгерде сиз айкаш жыгачка көңүл бурбасаңыз жана муну түшүнбөсөңүз, анда сиз ɵзүнүздүн сыйынууңузда толугу менен жɵндɵмсүзсүз.

Мен муну Эски Келишимдин көптөгөн аяттарынан Кудай күнɵɵлɵрүнүн айынан кыйынчылыкка дуушар болуп, куткаруу үчүн кыйкырып жаткан күнөөкөр элинин ыйын уккан жерлерин көрсөтө алмакмын (мисалы, Забур 37:4, 16; 39:12–13; 107:11–13). Бирок муну Лука 11-бөлүмдөн эки жол менен көрсөтөйүн:

Теңирибиздин ушул сыйынуу үлгүсүндө, Ыйса: «Силер мындай сыйынгыла….»  – дейт (Лука 11:2–4), анан 4-аятта «биздин күнөөлөрүбүздү да кечире көр» деген ɵтүнүчтү камтып кетет. Эгер сыйынуунун башын ортосу менен бириктиргенде «Биздин күнөөлөрүбүздү да кечире көр деп сыйынгыла» – дейт.

Мен муну «Сенин ысымың даңкталсын!» деген сыяктуу эле бардык сыйынууларыбыздын бир бөлүгү болушу керек деп эсептейм. Демек, Ыйса биз сыйынган сайын, кечирим сурашыбыз керектигин айтып жатат.

Биз дайыма күнɵɵкɵрбүз, башкача айтканда, биз күнөөкөр табиятта жашап жатабыз. Биз жасаган эч нерсе жеткилең эмес. Мартин Лютер ɵлөр алдында айткандай: «Биз кайырчыларбыз. Бул чындык». Сыйынуудан мурун кандайдыр бир деңгээлде тил алчаактыкка жетишсек да, биз баарыбыз ар дайым Теңирдин алдына күнөөкөр катары келебиз. Кудай күнөөкөрлөр ушинтип сыйынганда, алардын сыйынууларын артка кайтарбайт.

Биз муну дагы экинчи жерден, Лука 11:13-аяттан кɵрɵ алабыз: «Демек, силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берери анык!»

Ыйса шакирттерин «жаман» деп атады. Бул чынында абдан катуу айтылган. Бирок Ал алардын Ɵзү менен мамилеси жоктугун айткан жок же алардын сыйынуулары жоопсуз калат деген да жок.

Ал бул күнɵɵгɵ баткан доордо, Анын шакирттери да жамандык менен бирге болорун, алардын кылган иштери жаманатты болорун айткан. Бирок алар Анын ырайымына жана күчүнө таянышса, алардын жакшы иш жасоосуна эч нерсе тоскоол болбой тургандыгын айткан.

Биз жаманбыз, анткени биз куткарылсак дагы, бир эле учурда күнөөкөр табиятта жашап жатабыз. Ыйык Рухтун күчү менен биз акырындап жамандыктарыбыздан арылып жатабыз. Бирок биздин түпкү күнɵɵкɵр табиятыбызды Кудайга кайрылуу аркылуу толугу менен жок кылуу мүмкүн эмес.

Биз күнөөкөрбүз жана кайырчыбыз. Эгерде биз бул күнөөнү моюнга алып, андан баш тартып, аны менен күрөшсөк жана Машаяктын айкаш жыгачына ɵзүбүздүн үмүтүбүз катары жабышсак, анда Кудай бизди угат жана сыйынууларыбызга жооп берет.

«Кудай азыр эмес деп айтканда» деген насаат сɵздɵн үзүндү.