8-июнь: Кудайды денеңиз менен да даңктаңыз

Jakshy Kabar Media

8-июнь: Кудайды денеңиз менен да даңктаңыз

8-июнь
Кудайды денеңиз менен да даңктаңыз
Жон Пайперден насаат сөз

«Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, ошондуктан Кудайды денеңер менен даңктагыла».

1 Корунттуктар 6:20

«Даңктоо» же «табынуу» деген терминди биз жүрɵгүбүздүн, акылыбыздын жана денебиздин иш-аракеттери аркылуу Кудайдын чексиз баалуулугун кɵрсɵтүү үчүн колдонобуз. Биз дал ушул нерсе үчүн жаратылганбыз. Мындай даңктоо жыйында ырдоо болушу мүмкүн же ашкананын полун шыпыруу болушу мүмкүн.

Даңктоо дегенде бир гана даңктоо кызматы жɵнүндɵ ойлонбоңуз. Бул ɵтɵ чектелген түшүнүк болуп калат жана Ыйык Китепте андай жазылган эмес. Жашообуздун бардыгы Кудайды даңктоо болушу керек.

Мисалы, эртең мененки тамакты же күндүзгү жеңил тамакты алалы. Биринчи Корунттуктар 10:31-аятта: «Ошентип, ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла» – деп айтылат. Ичүү жана тамактануу адамдын эң негизги муктаждыктарынын бири болуп саналат. Адам үчүн тамак жеп-ичкенден башка дагы эмне чыныгы же кадимки кɵрүнүш болушу мүмкүн? Пабыл: жеп- ичкениңердин баары Кудайды даңкташ үчүн болсун дейт.

Же жыныстык катнашты алсак. Пабылдын айтымында, ойноштук кылуу бир нерсеге табынуу менен барабар – дейт. 

Ойноштук кылуудан качкыла. Адам кылган бардык күнөөлөр денеден тышкары болот, ал эми ойноштук кылган адам өз денесине каршы күнөө кылат. Же эмне, денеңер Кудайдан алган Ыйык Рухтун ийбадатканасы экендигин билбейсиңерби? Силер ɵзүңɵргɵ таандык эмессиңер, силер кымбат баада сатылып алынгансыңар. Ошондуктан Кудайды денеңер менен даңктагыла (1 Корунттуктар 6:18-20).

Башкача айтканда, денеңиз менен да Кудайга табынып, денеңизди таза, ыйык сактаңыз.

Же акыркы мисал катары ɵлүмдү алсак. Биздин дене акыры ɵлɵт. Чындыгында, өлүм денебиздин жер бетиндеги акыркы аракети болот. Денебиз менен коштошобуз. Биз денебиздин ушул акыркы аракетинде кантип Аны даңкташыбыз керек? Мунун жообун Филипиликтер 1:20-21-аяттардан таба алабыз. Пабыл ɵзүнүн ɵлүмү аркылуу Машаяк даңазаланат, даңкталат жана татыктуу деп табылат дейт. Андан кийин ал: «Мен үчүн ɵлүм – утуп алуу» деп кошумчалайт. Ɵлүмдү утуп алуу катары эсептесек, ɵлүм аркылуу Машаяктын чексиз баалуулугун кɵрсɵтɵбүз.

Сизге дене берилген, бирок ал сизге таандык эмес. «Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар. Ошондуктан Кудайды денеңер менен даңктагыла».

Сиз ар дайым ийбадаткананын ичиндесиз. Ошол себептен ар дайым Кудайды даңктаңыз.

«Дене, эртең мененки тамак жана нике тɵшɵгү» аттуу насаат сɵзүнɵн үзүндү.