7-июнь: Биз ишеним менен жашайбыз

Jakshy Kabar Media

7-июнь: Биз ишеним менен жашайбыз

7-июнь
Биз ишеним менен жашайбыз
Жон Пайперден насаат сөз

«Ал эми азыркы денедеги жашоомду айта турган болсом, мени сүйгөн жана менин ордума Өзүн курмандык кылган Кудай Уулуна болгон ишеним менен жашап жатам».

Галаттыктар 2:20

Ишеним – бул Кудайдын ырайымына толугу менен төп келген нерсе. Ал бекер жана муктаждыктарыбызды толугу менен толтурган ырайымга жооп болуп саналат. Ошондой эле, ишеним биздин көңүлүбүздү укмуштуудай ишенимдүү болгон Кудайга бурат.

Мындан төмөнкүдөй маанилүү бир тыянак чыгарсак болот: бизди актаган ишеним жана ыйыктаган ишеним эки башка ишеним эмес. «Ыйыктоо» жөн эле ыйык кылуу же Машаякка окшош кылып өзгөртүү дегенди билдирет. Мунун баары ырайым аркылуу болот.

Ошондуктан ыйыкталуу да ишеним аркылуу ишке ашат. Себеби ишеним – бул ырайымдын даамын таткан жандын иш-аракети. Мындай жан ал ырайымды кабыл алат, тил алчаак болуу үчүн андан күч табат жана аны адамдык менменсингендиги менен четке какпай, сактайт.

Пабыл ишеним жана ыйыкталуунун ортосундагы ушундай байланыш тууралуу Галаттыктар 2:20да ачык айтат («ишеним менен жашап жатам»). Ыйыкталуу Рух жана ишеним аркылуу ишке ашат. Муну башкача кылып айта турган болсок, ыйыкталуу ырайым жана ишеним аркылуу болот. Ыйык Рух – «ырайым Руху» (Эврейлер 10:29). Кудай бизди Рух аркылуу ыйыктайт, ал эми Рух жакшы кабарга болгон ишеним аркылуу иштейт.

Эмне үчүн бизди актаган жана ыйыктаган ишеним бир эле ишеним экенин айтканымдын себеби жөнөкөй: акталуу да, ыйыкталуу да эч нерсеге көз каранды болбогон ырайымдын иши болуп саналат. Ал эми бизди ырайымга байланыштырган нерсе – бул ишеним. Акталуу жана ыйыкталуу эки башка нерсе (актоо – бул адил деген өкүм чыгаруу; ыйыктоо – бул чындап адил кылуу), бирок бул эки иш тең бир эле ырайымдын иши болуп саналат. Ыйыкталуу жана акталуу – бул «ырайым үстүнө [берилген] ырайым» (Жакан 1:16).

Кудайдын бекер ырайымы жөнүндөгү адамдын түшүнүгүнөн ишеним келип чыгат. Акталуу жана ыйыкталуу да ырайым аркылуу ишке ашат, андыктан тигинисинин да, мунусунун да ишеним аркылуу болушу табигый нерсе.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (190-бет).