6-июнь: Бир баарыбыз Кудайга кас мамиле кылып келгенбиз

Jakshy Kabar Media

6-июнь: Бир баарыбыз Кудайга кас мамиле кылып келгенбиз

6-июнь
Бир баарыбыз Кудайга кас мамиле кылып келгенбиз
Жон Пайперден насаат сөз

«Жаман ойлоруңардын жана жаман иштериңердин айынан бир кезде Кудайга бөтөн жана душман болгон силерди да Кудай Анын денеси, өлүмү аркылуу Өзү менен элдештирди. Ал силерди Өзүнүн алдында ыйык, кемчиликсиз жана айыпсыз кылып тургузуу үчүн ушундай кылды».

Колостуктар 1:21-22

Бул дүйнөдөгү эң кубанычтуу кабар – бул Кудай менен бузулган мамилебиздин убактысы бүткөндүгү жана эми ааламдын Соту менен элдешкенибиз тууралуу кабар. Кудай эми бизге каршы эмес, биз тарапта. Сүйүүсү чексиз Кудайдын биз тарапта болушун билүү биздин жаныбызды өтө катуу жубатат. Ааламдагы эң кудуреттүү заттын биз тарапта экенин билгенибизде өзүбүздү толугу менен эркин сезип, эч нерседен коркпой турган болуп калабыз.

Бирок Колостуктар 1:21деги диагнозду четке каккандар үчүн Пабылдын куткарылуу тууралуу кабары жакшы кабар эмес. Ал биздин Кудайдан алыстап, акыл-эс жагынан Ага кас болуп калганыбызды айтат.

Сиз «Кудайдын ырайымы болбосо, мен ойлорумда Кудайга кас мамиле кылган адаммын», – деп айткан канча адамды билесиз? Адамдар «мен Кудайды жек көрөм» деп көп айтышпайт. Анда Пабыл адамдардын Машаяктын каны аркылуу Кудай менен элдешкенге чейинки жашоосу жөнүндө кеп кылганда «жаман ойлоруңардын айынан… Кудайга… душман болгон силер» деген сөздөр менен эмнени айткысы келген?

Менимче, ал чындап эле адамдарда чыныгы Кудайга карата кастык болгонун, бирок алар ошол чыныгы Кудай жөнүндө ойлобогондуктан, аны байкабаганын айтып жатса керек. Алар Кудайды өздөрү каалагандай элестетишет, ошол себептен алар өздөрү менен Кудайдын ортосунда олуттуу бир маселе бар экени жөнүндө дээрлик ойлонуп да коюшпайт.

Бирок чыныгы Кудай – бардык нерселерди, алардын ичинде оору-сыркоо жана табигый кырсыктарды башкарып турган Кудай жөнүндө айта турган болсок, Пабыл баарыбыз Ага кас мамиле кылганыбызды айтат. Билинбегени менен, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө биз бир кезде Анын кудуреттүү күчүн жана бийлигин жек көрчүбүз.

Кимибиз гана болбосун, биздин куткарылышыбыздын жалгыз себеби – бул төмөнкү укмуштуу чындык: Машаяктын өлүмү ырайымга жол ачып, ал аркылуу Кудай биздин жүрөктөрүбүздү Өзүнө каратып, мурун жек көрүп жүргөн Өзүн сүйүүгө жөндөмдүү кылды.

Көбүбүз Кудайга кас мамиле кылбаганды дагы эле үйрөнүп жатабыз. Анын бизге укмуштуудай чыдаганы көңүлдү абдан жубатарлык нерсе.

«Ыя? Мен Кудайга кас экенминби?!» деген макаладан алынды.