5-июнь: Күнүмдүк турмушта Кудайдан көз каранды болуу

Jakshy Kabar Media

5-июнь: Күнүмдүк турмушта Кудайдан көз каранды болуу

5-июнь
Күнүмдүк турмушта Кудайдан көз каранды болуу
Жон Пайперден насаат сөз

«Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет».

Матай 6:33

Кудай Өз ырайымы менен биздин келечегибиз жөнүндө толук кам көрүп койгонун далилдеген эң күчтүү күбөлөндүрүүлөрдүн бири – бул «ишеним менен жашоо эрежеси». Көптөгөн миссионерлер, өзгөчө, Чет элдерге кызмат кылган Миссионерлердин Шериктештигине мүчө болгондор ушул эрежеге ылайык жашап келишкен.

Башка кызматчылар башкача ыкмаларды колдонсо да, Хадсон Тейлор жана Жорж Мюллердин жолун жолдогондор аларга сын тагышкан эмес, бирок өз муктаждыктары тууралуу адамдарга эмес, Кудайдын Өзүнө айтуу аркылуу башка адамдарды миссионердик кызматка колдоо көрсөткөнгө шыктандыруу ыкмасын колдонуп келишкен.

Чет элдерге кызмат кылган Миссионерлердин Шериктештигин түзгөн адамдын чөбөрөсү Жеймс Х. Тейлор Кудайдын өз ырайымы менен келечек үчүн кам көрөрүнө болгон ишеним кандайча мурун иш жүзүндө көрсөтүлгөн ырайымга негизделгенин жана андай ишеним кандайча Кудайды урматтап-даңктаганын төмөнкүдөй түшүндүрөт.

“Биз… ишти ишенимдин көз карашы менен баштайбыз. Биз Кудайдын бар экенине ишенебиз. Мунун чын экенине ар түрдүү жолдор менен күбө болгонбуз, бирок ар бирибиз өз жашообузда Кудай бизге ырайым кылганын: Өзүн бизге Ыйса Машаяк аркылуу таанытып, бизди Өзүнүн Руху менен кайрадан төрөлткөнүн көргөнбүз. Ыйса Машаяктын өлгөндөрдөн тирилиши тууралуу тарыхый фактыга таянып, Ага ишенгенге бизде бекем негиз бар: Өзүнүн өлүп, кайра тириле турганын алдына ала айткан жана андан соң дал ошондой кылган Ыйсага башка бардык нерселерде да толук ишенсе болорун биз билебиз. Ошондуктан Анын биздин жандарыбызды түбөлүккө куткарышына эле эмес, күнүмдүк турмушта да ырыскыбызды берип, акча-каражат жагынан камсыз кылып турушуна да ишенип, Ага таянганга даярбыз.”

Чет элдерге кызмат кылган Миссионерлердин Шериктештиги Кудайдын ажайып ишенимдүүлүгүн, Өзүнүн даңктуу ырайымы менен келечегибизге керектүү нерселерди кандайча толук камдап койгонун көрсөтүү үчүн, күбөлөндүрүүлөрдү жарыялап турат. «Биз Кудай Өзү айткан ар бир убадасына бек турарына ишенсе болорун иш жүзүндө күбөлөндүргүбүз келет. Муну Анын самолёт менен учканга жол кире, тамак-аш, дарыланууга кеткен акча-каражат сыяктуу майда-чүйдө нерселер менен бизди кандай камсыз кылганын жана кандайча машаякчылардын бүтүндөй бир тобуна жүз жылдан ашык убакыттан бери үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп, кем-карчысын толтуруп келгени тууралуу бөлүшүү аркылуу кылабыз».

Чет элдерге кызмат кылган Миссионерлердин Шериктештиги өзүнүн кат-кабарларында болобу, кызматта колдонгон ыкмаларында болобу, Кудайдан көз каранды болууну даңазалоону өзүнө максат кылып койгон. Хадсон Тейлор бул тууралуу мындай деген: «Тирүү Кудай бар. Ал Ыйык Китепте сүйлөгөн. Ал эмне десе, ошону кылат жана эмнени убада кылса, ошону сөзсүз орундатат».

Ишеним менен жашаган адамдардын жашоосу – Кудайга ишенсе жана таянса болорун көрсөткөн эң жакшы күзгү.

Бул насаат сөз «Келечектеги ырайым» деген китептен алынды (189-бет).