4-июнь: Кудайды эмне сыймыктандырат?

Jakshy Kabar Media

4-июнь: Кудайды эмне сыймыктандырат?

4-июнь
Кудайды эмне сыймыктандырат?
Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок, алар андан жакшысына, башкача айтканда, асмандагыга умтулушкан. Ошондуктан Кудай алардын Кудайымын дегенден уялбайт. Кудай алар үчүн шаар даярдап койгон».

Эврейлер 11:16

Кудай Ыбрайым, Ыскак жана Жакыпка: “Мен сенин Кудайың дегенден уялбайм”, – деп айткандай, мага да айтышын абдан каалайм.

Чындыгында, Кудай менин Кудайым деп аталганы үчүн сыймыктанамбы? Бул сонун мүмкүнчүлүктөрдүн Эврейлер 11:16-аятта эки себеби айтылат:

Биринчиден: “Кудай алардын Кудайы деп аталуудан уялбайт, анткени Ал алар үчүн шаар даярдап койгон”. Анын Кудайы деп аталуудан уялбай турганынын биринчи себеби, Кудай алар үчүн бир нерсе даярдап койгон. Кудай алар үчүн асманда Өзүнүн шаарын даярдап койгон. Кудай Ɵзү ал шаардын архитектору жана куруучусу (Эврейлер 11:10). Ошентип, биринчи себеп, Кудай алар үчүн эмгек кылгандыктан, алардын Кудайы деп аталуудан уялбайт.

Эми буга чейинки дагы бир себебин карап көрөлү. “Алар андан жакшысына, башкача айтканда, асмандагыга умтулушкан. Ошондуктан Кудай алардын Кудайымын дегенден уялбайт.”

“Ошондуктан” деген Кудай эмне үчүн биздин Кудайыбыз деп аталуудан уялбай тургандыгы жөнүндөгү себептерин билдирет. Анын себеби алардын каалоосу. Алар жакшыраак шаарды, башкача айтканда, өзүлөрү жашаган жердеги жашоодон жакшыраагын каалашат. Тактап айтканда, Кудай менен асмандагы жашоону каалашат.

Биз асмандагы шаарды, Кудай менен болгон жашоону эңсесек, анда Кудай биздин Кудайыбыз деп аталуудан уялбайт. Анын биз үчүн убада кылган нерселеринин көбүн аткарганыбызда, Ал биздин Кудайыбыз экенине сыймыктанат. Бул жакшы жаңылык.

Ошондуктан, жакшыраак шаарга умтулуп, Кудай курган шаарды чын жүрөгүңүз менен кааласаңыз, Кудай сиздин Кудайыңыз деп аталуудан уялбайт.

“Кудай уялбайт” аттуу насаат сөздөн үзүндү.