3-июнь: Мүмкүн эмес нерсеге ишенүү

Jakshy Kabar Media

3-июнь: Мүмкүн эмес нерсеге ишенүү

3-июнь
Мүмкүн эмес нерсеге ишенүү
Жон Пайперден насаат сөз

«Ал Кудайга бекем ишенгендиктен, Аны даңктап, Кудай Ɵз убадасын аткарууга кудурети жетерине толук ишенген».

Римдиктер 4:20–21

Пабыл Кудайдын келечектеги ырайымын даңктаган ишенимдин өзгөчө бир себебин айткан. Жалпак тил менен айтканда, Кудайды даңктаган ишеним – бул Кудайдын толук бүтүндүгүнө, Анын күчүнө, акылмандыгына жана келечекте Анын бардык убадаларынын аткаралышына болгон ишеним.

Пабыл бул ишенимди Кудайдын убадасына берген Ыбрайымдын жообу менен сүрөттөйт: ал картайып, балалуу болуу курагынан өтүп, аялы төрөбөс болсо дагы, көптөгөн элдердин атасы болот (Римдиктер 4:18). “Ал үмүтсүз нерсеге үмүт менен ишенген”, башкача айтканда, ал адам үчүн мүмкүн болбогон нерселерге карабастан, Кудайдын келечектеги убадасына жана ырайымына ишенген.

«Жүз жашка жакындап калган Ыбрайым балалуу болуу курагынан өтүп кеткенин жана Сааранын бала төрөө курагынан өтүп кеткенин көрсө да, ишениминен тайыган эмес.  Ишенбестик кылып Кудайдын убадасынан шектенген эмес, тескерисинче, бекем ишенип, Кудайды даңктаган. Кудайдын Өз убадасын аткарууга кудурети жетерине толук ишенген»  (Римдиктер 4:19–21).

Ыбрайымдын ишеними Кудайдын аны көптөгөн элдердин атасы кылам деген убадасына болгон ишеним эле. Мындай ишеними менен ал Кудайды даңктады, анткени бул ишеним Кудайдын кудуреттүү күчүнүн аткарылышын талап кылган ишеним эле.

Ыбрайым балалуу болууга өтө кары болчу. Ал эми Саара төрөбөс болгон. Мындан тышкары, кантип бир же эки баладан көп элдерге айланат? Мунун бардыгы таптакыр мүмкүн эместей сезилди.

Бирок, Ыбрайым адам баласынын колунан келбеген жана адам кыла албаган нерселерди Кудай жасай аларына толук ишеними аркылуу ал Кудайды даңктаган. Биз дагы ушундай ишенимге ээ болуу үчүн чакырылганбыз. Биз үчүн мүмкүн болбогон, өзүбүз эч качан жасай албаган нерселерди Кудай жасай алат.

“Келечектеги ырайым” аттуу насаат сөздөн үзүндү185-бет.