2-июнь: Ыбрайымдын балдары кимдер?

Jakshy Kabar Media

2-июнь: Ыбрайымдын балдары кимдер?

2-июнь
Ыбрайымдын балдары кимдер?
Жон Пайперден насаат сөз

«Жер жүзүндөгү бүт элдер сен аркылуу бата алышат».

Башталыш 12:3

Машаякка ишенип, Ага чын жүрөгү менен баш ийген адамдар, Ыбрайымдын урпактары жана Кудайдын убадаларынын мурасчылары.

Башталыш 17:4-аятта Кудай Ыбрайымга мындай деди: “Сени менен түзгөн Менин келишимим – бул Мен. Сен көптөгөн элдердин атасы болосуң”. Бирок Башталыш китебинде Ыбрайым көптөгөн элдердин денелик, же саясий маанидеги атасы эмес экендиги ачык көрсөтүлөт. Демек, Кудайдын убадасынын мааниси – бүт элдер кандайдыр-бир жол аркылуу Ыбрайым менен денелик байланышта болбосо дагы, анын тукуму болуу батасына ээ болушат.

Албетте, Кудай Башталыш 12:3-аятта Ыбрайымга: “Жер жүзүндөгү бүт элдер сен аркылуу бата алышат”– деп айтканда эмнени айткысы келгени шексиз. Кудай эң башынан эле Ыйса Машаяк Ыбрайымдын урпагы болот жана Машаякка ишенгендердин баары Ыбрайымдын убадасынын мурасчылары болушат деген.

Пабыл Галаттыктар 3:29-аятта: “Эгерде силер Машаяктыкы болсоңор, анда силер Ыбрайымдын урпактарысыңар, убада боюнча мурасчыларсыңар”, – дейт.

Ошентип, 4000 жылдай мурун Кудай Ыбрайымга: “Сени менен түзгөн Менин келишимим бул, сен көптөгөн элдердин атасы болосуң”, – деп айтканда, биз кайсы гана элден, же улуттан болбойлу, Ыбрайымдын балдары жана Кудайдын убадаларынын мурасчылары болууга Ал ар бирибизге жол ачты. Ал эми биз кыла турган нерсе, бул Ыбрайымдыкындай ишенимге ээ болуу. Башкача айтканда, Кудайдын убадаларына болгон үмүтүбүз ушунчалык бекем болуш керек. Ыбрайым Ыскакты бергендей эле, эгер баш ийүү талап кылынса, биз дагы эң баалуу нерселерибизден баш тартышыбыз керек.

Ыбрайымдын убадаларынын мураскору болуу үчүн, биз Кудайга кызмат кылбайбыз, тескерисинче, Кудай биз үчүн иштерине толук ишенебиз. “Ыбрайым тескерисинче, бекем ишенип, Кудайды даңктаган. Кудайдын Ɵз убадасын аткарууга кудурети жетээрине толук ишенген” (Римдиктер 4:20-21). Кудайдын убадасы качан аткарылары белгисиз болсо дагы, Ыбрайым Кудайга толук баш ийген. Ал Кудай үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе жок экенин жана баласын кайра тирилтип береринен дагы шектенген эмес.

Кудайдын убадаларына ишенүү, же Кудайдын убадаларынын далили болгон Машаякка ишенүүбүз – бул Ыбрайымдын балдары болуу үчүн ачылган жол. Тил алчаактык ишенимдин чыныгы далили болуп саналат (Башталыш 22:12-19). Ошондуктан Жакан 8:39-аятта Ыйса: «Эгерде силер Ыбрайымдын уулдары болсоңор, анда Ыбрайым кылгандай иштерди кылат элеңер», – дейт.

Мория тоосунда Ыбрайым бир гана Кудайдан үмүттөнгөндөй, Ыбрайымдын балдары болгон ар кандай улуттагы бүт элдер дагы Машаякка үмүттөнүшөт. Ошондуктан, алардын жердеги эң баалуу мүлктөрүнүн жоголушу дагы, алардын баш ийүүсүнө эч кандай тоскоолдукту жаратпайт.

Силер Ыйса Машаякка үмүттөнүп, Ага ишеним менен баш ийген Ыбрайымдын урпактарысыңар жана Анын убадаларынын мурасчыларысыңар.

“Кудайдын Ыбрайым менен түзгөн келишими” насаат сөздөн үзүндү.