1-июнь: Ырайымды даңазалаган ишеним

Jakshy Kabar Media

1-июнь: Ырайымды даңазалаган ишеним

1-июнь
Ырайымды даңазалаган ишеним
Жон Пайперден насаат сөз

«Мен Кудайдын ырайымын четке какпайм».

Галатиялыктар 2:21

Кичинекей бала кезимде сууга түшүп жатып, жээкке урган толкундун айынан тең салмактуулугумду жоготкондо, бир заматта ɵзүмдү океандын ортосуна сүйрɵлүп бараткандай сездим.

Бул мен үчүн үрөй учурарлык нерсе болгон. Мен эки жагымды карап, бул абалдан чыгууга аракет кылдым. Бирок бутум жерге жетпей койду, анкени толкун катуу болуп, сүзүүгɵ мүмкүнчүлүк бербей жатты. Кандай болбосун, мен мыкты сүзүүчү эмес элем.

Дүрбөлөңгө түшүп жатып, бир гана нерсе жɵнүндɵ ойлондум: Мага кимдир бирөө жардам бере алабы? Бирок мен суу астынан жардамга чакырууга оозумду да ача алган жокмун.

Атам күчтүү колу менен мени желкемден кармаганда, мен ɵзүмдү дүйнɵдɵгү эң бактылуу адам катары сездим. Мен ɵзүмдү толугу менен анын күчүнɵ тапшырдым. Анын эрки менен ɵйдɵ кɵтɵрүлүп чыкканыма абдан сүйүндүм. Мен ага каршылык кɵрсɵткɵн жокмун.

Ошол учурда, абал ɵтɵ деле коркунучтуу эмес экенин кɵрсɵтүүгɵ аракет кылышым керек, же ɵз күчүм менен атама жардам беришим керек деген ойлор такыр оюма келген жок. Ойлогонумдун баары: Ооба! Сиз мага керексиз! Ырахмат сизге! Мен сиздин күчүңүзгө жана жардамчы колуңузга муктажмын! Сиз улуусуз!

Өзүн арнаган ушундай сүйүү менен эч ким мактанбайт. Мен бул ɵзүн арнаган сүйүүнү «ишеним» деп атадым. Атамды ошол учурда Кудайдын келечектеги ырайымынын үлгүсү катары карасам болот. Мен буга суу астында аябай муктаж болуп, чаңкап турганда ал ɵз күчүн кɵрсɵттү. Мына ушуну ырайымды даңазалаган ишеним дейбиз.

Машаякчы катары кантип жашаш керектиги жɵнүндɵ ойлонгондо, эң биринчи бул жɵнүндɵ: Кудайдын ырайымын кантип четке каксам деп эмес, аны кантип даңазаласам болот? – деп ойлонушубуз керек. Пабыл Галатиялыктар 2:20-21де бул суроого мындайча жооп берет: «Мен Машаяк менен кошо айкаш жыгачка кадалгам. Азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машаяк жашап жатат. Ал эми азыркы денедеги жашоомду айта турган болсом, мени сүйгɵн жана менин ордума Ɵзүн курмандык кылган Кудай Уулуна болгон ишеним менен жашап жатам. Мен Кудайдын ырайымын четке какпайм».

Эмне үчүн ал өз жашоосунда Кудайдын ырайымын четке каккан эмес? Анткени ал Кудай Уулуна болгон ишеними менен жашады. Ишеним бардык кɵңүлдү ырайымга буруп, аны четке какпайт, бирок аны даңазалайт.

Келечектеги ырайым насаат сɵзүнɵн үзүндү, 183-бет.