31-май: Кудайга кызмат кылуунун пайдасы

Jakshy Kabar Media

31-май: Кудайга кызмат кылуунун пайдасы

31-май
Кудайга кызмат кылуунун пайдасы
Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок Мага кызмат кылуу кандай экенин жана жердеги падышаларга кызмат кылуу кандай экенин билиши үчүн, алар ага кул болушат».

2 Жылнаама 12:8

Кудайга кызмат кылуу башка бирɵɵгɵ кызмат кылуудан алда канча айырмаланып турат.

Биз ушул чындыкты түшүнүп жана бул чындык менен кубанып жашашыбызды Кудай абдан каалайт. Мисалы, Ал бизге мындай буйрук берет: «Теңирге кубаныч менен кызмат кылгыла» (Забур 99:2). Бул кубанычтын себеби бар. Ал Элчилердин иштери 17:25-аятта жазылган. «Кудай бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт, анткени бардыгына өмүр, дем жана керектүү нерсенин бардыгын берген – Ал Өзү».

Биз Ага кубаныч менен кызмат кылабыз, анткени биз Анын муктаждыктарын толтуруп бериш үчүн түйшүк тартпайбыз. Анын эч кандай муктаждыгы жок. Демек, Ага кызмат кылуу, бул Анын муктаждыктарын канааттандыруу дегенге жатпайт. Тескерисинче, биздин муктаждыктарыбызды толтуруп берген Анын кызматы үчүн кубанып жатабыз. Кудайга кызмат кылуу – бул биз жасашыбыз керек болгон нерсени жасаш үчүн, Кудайдан ырайым алуу дегенди билдирет.

Кудай бизди муну түшүнүп, анын ичиндеги даңкты кɵрүшүбүздү аябай каалайт. Буга мисал катары 2 Жылнаама 12-бөлүмдөгү окуяга кɵңүл бурсак болот: Он уруунун көтөрүлүшүнөн кийин түштүк падышалыгын башкарып турган Сулаймандын уулу Рехабам Теңирге кызмат кылуудан баш тартып, башка кудайларга табынып, аларга жана башка падышаларга кызмат кыла баштайт.

Аны жазалоо максатында, Кудай Мисир падышасы Шишакты 1200 майдан арабасы жана 60 000 атчан аскери менен Рехабамга каршы жөнөтɵт (2 Жылнаама 12: 2–3). Андан соң, Кудай аларга кайра ырайым кылып, Рехабамга буларды айтууга Шемая пайгамбарды жиберет: «Теңир мындай дейт: «Силер Мени таштап койгондуктан, Мен силерди Шишактын колуна салып берем»» (2Жылнаама 12:5).

Акырында бул окуя кубанычтуу аяктайт: Ребахам жана анын тɵрɵлɵрү моюн сунуп, тобо кылышып «Теңир адилет!» – дешет.

Теңир алардын моюн сунганын кɵргɵндɵ, мындай деди: «Булар моюн сунушту, аларды жок кылбайм, жакында куткарам, Иерусалимге Шишактын колу менен каарымды тɵкпɵйм» (2 Жылнаама 12:7). Бирок аларга насаат катары: «Бирок Мага кызмат кылуу кандай экенин жана жердеги падышаларга кызмат кылуу кандай экенин билиши үчүн, алар ага кул болушат» (2 Жылнаама 12:8).

Мунун маанисин ачык эле түшүнсɵ болот: душманга кызмат кылуу жана Кудайга кызмат кылуу эки башка нерсе. Кандайча? Кудайга кызмат кылуу аркылуу биз кɵптɵгɵн батаны кабыл алабыз, кубанычка ээ болуп, пайда кɵрɵбүз. Ал эми, Шишакка кызмат кылуу аркылуу чарчайбыз, көңүлүбүз чөгɵт жана жүрɵгүбүз кайгыга толот. Анткени, Кудай берүүчү. Ал эми Шишак болсо алуучу.

Ошондуктан мен жекшемби күнү эртең мененки сыйынууну жана күн сайын тил алчаактык менен Кудайга табынууну оор жүк же түйшүк катары эсептебейм. Тескерисинче, Кудайдан келген кубанычтуу нерсе деп айтамын. Кудай талап кылган чыныгы кызмат ушул. Кудай бизге; бардык ишиңерде Мага, Берүүчү Кудай катары ишенгиле – дейт.

«Кубанычка үйрɵткɵн азаптуу сабак» аттуу насаат сɵзүнɵн үзүндү.