30-май: Мактана турган нерсебиз

Jakshy Kabar Media

30-май: Мактана турган нерсебиз

30-май
Мактана турган нерсебиз
Жон Пайперден насаат сөз

«Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги. Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес».

Эфестиктер 2:8-9

Жаңы Келишим ырайымдын жемиши менен гана мактанбашыбыз үчүн, ишеним менен ырайымдын ортосундагы байланышты ачып берет.

Буга мисалдардын бири катары баарыбызга белгилүү Эфестиктерге 2:8-аятты карасак болот. Ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу деген сөздө, ырайымдын эркиндигин коргоп турган ɵз-ара байланыш бар. Ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу.

Ишеним бул рухубуздун кыймыл-аракети. Ал ɵзүбүздүн жетишсиз жана алсыз табиятыбыздан улам, Кудайдын акысыз, жетиштүү жана толук ырайымына кайрылат. Ишеним Кудай Ɵз ырайымын татыксыз адамдарга берүү эркиндигине негизделген. Ал Кудайдын берешендигине таянат.

Ошондуктан ишеним ɵзүнүн баштапкы эле табияты боюнча мактанууга жол бербейт жана ырайым менен тыгыз байланышы бар. Ишеним кайда гана карабасын, ар бир мактоого татыктуу иш-аракеттердин артында ырайым турат. Ошондуктан, ал ырайымдын ээси болгон Теңирден башка эч нерсе менен мактана албайт.

Ошентип, Пабыл куткарылуу ырайымдын негизинде ишеним аркылуу келет деп айткандан кийин мындай дейт: «Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес» (Эфестиктер 2:8-9). Ишеним адамдын боорукердиги, жɵндɵмдүүлүгү же акылмандуулугу менен мактана албайт, анткени ишеним Кудайдын акысыз, толук камсыздандырылган ырайымына негизделет. Ишеним кандай гана боорукердикти учуратпасын, анын баары ырайымдын жемиши катары каралат.

Биздин «Кудайдан келген акылмандуулугубуз, адилеттигибиз, ыйыктыгыбыз жана куткарылуубуз» жɵнүндɵ сɵз болгондо, элчи Пабыл «мактанган адам Теңир менен мактансын» деп айткандай, биз да Теңир менен гана мактанышыбыз керек (1Корунттуктар 1:30-31).

Келечектеги ырайым насаат сɵзүнɵн үзүндү, 182-183-беттер.