29-май: Кудай Өз эркине каршы чыккандай сезилгенде

Jakshy Kabar Media

29-май: Кудай Өз эркине каршы чыккандай сезилгенде

29-май
Кудай Өз эркине каршы чыккандай сезилгенде
Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок алар атасынын тилин албай коюшту, анткени Теңир аларды өлүм жазасына өкүм кылып койгон эле».

1 Шемуел 2:25

Ыйык кызмат кылуучу Эйли, балдары күнөө кылганда аларга тыюу салды, бирок аны балдары уккан жок. Бул тексттин биздин жашообузга болгон үч кесепети бар.

(1) Оор жана узакка созулган күнөөлөрдү кылганда, Кудай тобо кылганга жол бербеши мүмкүн.

Ошондуктан Пабыл 2 Тиметей 2:25-аятта “Кудай аларды тобо кылдырат” деп эмес, “Кудай аларды тобо кылдырар” десе керек. Эгер адам күнөө кылганын токтотпой жашай берсе, абдан кеч болуп калат. Эврейлер 12:17-аятта Эйсап жөнүндө мындай деп айтылган, “Көз жашын төгүп жалбарса да, атасынын чечимин өзгөртө алган эмес”. Эйсап тобо кылса дагы, ал четке кагылган, анткени кеч болуп калган.

Бул, өмүр бою күнөө кылып, бирок чын жүрөктөн тобо кылса да, куткарылбайт дегенди түшүндүрбөйт. Алар куткарыла алат жана сөзсүз куткарылышат. Анткени, Кудай өтө ырайымдуу жана абдан боорукер. Айкаш жыгачка кадалган каракчыны эстесеңиз. Ыйса ага мындай деди, “Мен сага чындыкты айтып коёюн, бүгүн сен Мени менен бейиште болосуң” (Лука 23:43).

(2) Кээде, күнөөдө жашап жаткан адамдын туура иш кылышына Кудай жол бербейт.

“Бирок алар атасынын тилин албай коюшту, анткени Теңир аларды өлүм жазасына өкүм кылып койгон эле”. Атасынын тилин угуу бул туура иш болчу. Бирок алар угушкан жок. Эмне үчүн? “Анткени Теңир аларды өлүм жазасына өкүм кылып койгон эле”.

Балдары атасынын тилин укпай койгонунун себеби, Кудайдын аларга болгон башка максаты бар эле, Кудай аларды күнөө жана өлүм жолуна таштап койду. Бул, кээде, Кудайдын эрки жана Анын буйруктарынан айырмаланып тургандай көрүнөт.

(3) Кудайдын эрки болсун деп сыйынган кээ бир сыйынууларыбыз кээде аткарылбайт, анткени Кудайдын ыйык эрки жана максаты башка нерседе болот.

Менин оюмча Эйли, балдарынын өзгөрүшү үчүн сыйынгандыр. Бирок Кудай Копни менен Пинехасты тил албоого жана өлүм жазасына өкүм кылып койду.

Ушуга окшогон, биз жыйынтыгы кандай болорун билбеген окуялар болгондо, биз албетте, Кудайдан өзгөрүү болуш үчүн сыйынабыз. Ошондо Кудайдын жообу: «Мен сени сүйбөйм» деп эмес, «Бул адамдардын күнөө кылууну токтотпошуна жана тобо кылбашына себеп бар. Менин негиздүү жана жүйөлүү максатым бар. Сен азыр бул максаттардын акырын көрө албайсың. Мага ишен. Анткени Мен эмне кылып жатканымды билем. Мен сени сүйөм» – дейт.

“Кудайдын эрки ушундай болсо, бул Анын эркиби” аттуу аңгемеден үзүндү.