28-май: Сабырдуулуктун акысы

Jakshy Kabar Media

28-май: Сабырдуулуктун акысы

28-май
Сабырдуулуктун акысы
Жон Пайперден насаат сөз

«Силер мага жамандык ойлодуңар эле, Кудай аны жакшылыкка айлантты. Көп сандаган адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн, ушуну ишке ашырды».

Башталыш 50:20

Башталыш 37ден 50гө чейинки бөлүмдөрдөгү Жусуптун окуясы, эмне үчүн биз эгемендүү Кудайдын келечектеги ырайымына ишенишибиз керектиги жөнүндө чоң сабак.

Жусуптун бир туугандары, балким анын сабырдуулугун сынап, аны Мисирге кулчулукка сатып жиберишкендир. Бирок, Жусупка Мисирдеги Потипардын үйүнөн жакшы жумуш берилди.

Андан кийин көп өтпөй, анын сабырдуулугуна дагы бир чоң сыноо келди. Ал өз кожоюнуна баш ийип, ага ишенимдүүлүк менен иштеп жатканда, Потипардын аялы ал жөнүндө жалган жалаа жаап, аны түрмөгө каматып салат.

Бирок, кийин кайрадан баары оңунан чыгып, түрмө сакчысы Жусупка ырайымдуулук менен мамиле кылып, ага сый урмат көрсөтөт. Ал мына эми, жакында түрмөдөн чыгайын дегенде, Жусупка түшүн жоруткан Фараон аны дагы эки жылга унутуп коёт. Бул Жусуптун сабырдуулугун текшерген дагы бир оор сыноо болду.

Ошентип, акыры, ушул белгисиз жагдайлар ачык айкын болду. Жусуп Мисир жеринде Фараондон кийинки эле жол башчы болду. Жусуп өзүн кулчулукка саткан бир туугандарын ачкачылыктан куткарды. Ал бир туугандарына мындай деди: “Силерди жер үстүндө калтырыш үчүн жана улуу куткаруу иши менен өмүрүңөрдү сактап калуу үчүн, Кудай мени силерден мурун жиберди … Силер мага жамандык ойлодуңар эле, Кудай аны жакшылыкка айлантты. Көп сандаган адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн, ушуну ишке ашырды” (Башталыш 45:7, 50:20).

Жусуптун узак жылдар бою кугунтукка жана кордукка чыдамдуу болуусунун ачкычы эмнеде болгон? Мунун сыры Жусуптун Кудайдын эгемендүүлүгүнө жана Анын келечектеги ырайымына ишенүүсүндө болгон. Биз күтпөгөн жана ойлобогон нерселерди, Кудай биз күткөндөн да артык кыла аларына ишенүү.

Мына ушундай ишеним чыдамдуу болуунун ачкычы. Оор нерселер жана кыйын кырдаалдар болуп жаткан учурда, Кудай биздин жашообузда иштерине ишенебизби? Мына ушундай ишеним сабырдуу болуунун ачкычы.

“Келечектеги ырайым” аттуу аңгемеден үзүндү.