27-май: Чыныгы жана жалган ишеним

Jakshy Kabar Media

27-май: Чыныгы жана жалган ишеним

27-май
Чыныгы жана жалган ишеним
Жон Пайперден насаат сөз

«Ошол сыяктуу эле көптөрдүн күнөөлөрүн Өз мойнуна алыш үчүн, Машаяк Өзүн бир ирет курмандыкка берди. Ал эми экинчи ирет күнөөдөн тазалоо үчүн эмес, Өзүн күтүп жаткандарды куткаруу үчүн келет».

Эврейлер 9:28

Баарыбыздын алдыбызда: Машаяк күнөөлөрүн мойнуна алган ошол “көптөрдүн” арасына биз киребизби? Ал экинчи ирет келгенде биз куткарылабызбы? – деген суроо туулат.

Эврейлер 9:28-аят буга мындайча жооп берет: “Ооба, эгерде биз Аны чыдамдуулук менен күтсөк”. Эгерде биз Ага бекем ишенсек жана ошол ишеним менен Аны чыдамдуулук менен күтсөк, ошондо биз күнөөлөрүбүздөн арылганыбызды жана сот күнүндө куткарылганыбызды биле алабыз.

Машаякка болгон чыныгы жана жалган ишеним бар. Жалган ишенимдин максаты жөн гана тозок отунан кутулуу. Жалган ишенимдеги адам тозоктон качып кутулуу үчүн гана “ишенет”. Анда Машаякты таанып билүү каалоосу жок. Жалган ишенимде жашап жаткан адам Ыйсанын келишин эмес, бул дүйнөнүн ырахатын артык көргөндүктөн, Ыйсанын келишин каалабайт. Мындай жүрөк Ыйса менен эмес, дүйнө менен экенин көрсөтүп турат.

Ошентип, биздин көйгөй төмөндөгү суроолордун жообунда: биз Анын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатабызбы? Же, бул дүйнөгө болгон биздин сүйүүбүз артып жаткандыктан, Анын бизден алыс болушун каалайбызбы? Бул чыныгы ишенимди текшере турган суроо.

Келгиле, биз Корунттуктарга окшоп “Теңирибиз Ыйса Машаяктын келишин күтүп”, жана Филипиликтердей, “Ал эми биздин мекенибиз асманда. Асмандан Куткаруучубуз – Теңирибиз Ыйса Машаякты күтүп жатабыз” деген ураан менен жашайлы (1 Корунттуктарга 1:7, Филипиликтер 3:20).

Биз үчүн көйгөй мына ушунда болуп жатат. Биз Анын келишин каалайбызбы? Же, биз дүйнөнү сүйүп, ошол эле учурда Анын келиши биздин пландарыбызды бузбайт деп үмүттөнөбүзбү? Түбөлүктүү жашоо мына ушул суроолордун жообунда.

“Машаяктын экинчи келишин сүйүү жана куткарылуу кепилдиги” аттуу аңгемеден үзүндү.