26-май: Чыдамдуулук менен күтүүнүн күчү

Jakshy Kabar Media

26-май: Чыдамдуулук менен күтүүнүн күчү

26-май
Чыдамдуулук менен күтүүнүн күчү
Жон Пайперден насаат сөз

«Анын даңкынын кубатынын бардык күчү менен бекемделип, бардык нерседе туруктуулукту жана чыдамдуулукту кубаныч менен көрсөткүлө».

Колосалыктар 1:11

“Бекемделүү” – деген бул туура сөз. Элчи Пабыл Колосадагы жыйын үчүн, «Анын даңкынын кубатынын бардык күчү менен бекемделип, бардык нерседе туруктуулукта жана чыдамдуулукта болушу» үчүн сыйынган (Колосалыктар 1:11). Чыдамдуулук – бул ички күчтүн далили.

Чыдамсыз адамдар алсыз, ошондуктан алар сырткы факторлорго, мисалы аларга туура келген күн тартиби жана ошондой эле алардын назик жүрөктөрүн капалантпаган жагдайлардан көз каранды болушат. Алар сезиминдерине таянып, тез чечим чыгарганы, коркутуп-үркүтүүлөрү жана өздөрүнүн пландарын бузган адамдардын катуу сынга алганы, алар үчүн алсыз деле көрүнбөйт. Бирок мындай ызы-чуулар алсыздыктын сырткы көрүнүштөрү. Чыдамдуулук болсо адамдын ичиндеги күчтү талап кылат.

Машаякчыларга бул күч Кудайдан келет. Мына ошондуктан Пабыл Колосалыктар үчүн сыйынып жатат. Ал Кудайдан аларга Машаякчынын жашоосу талап кылган чыдамдуулук үчүн сыйынып жатат. Бирок ал “Кудайдын даңкына ылайык” чыдамкайлыктын күчү жөнүндө айтканда, адамды чыдамкайлыкка жеткирүү үчүн, Кудайдан күч талап кылынат деп айткан жок. Ал “даңктуу күчкө” ишенүү – бул чыдамкайлыктын күчү келе турган жол экендигин айткан.

Чыдамдуулук чындыгында Ыйык Рухтун жемиши (Галатиялыктар 5:22), бирок Ыйык Рух аны (бардык жемиштер менен бирге) “ишеним менен кабыл алуу” аркылуу берет (Галатиялыктар 3:5). Ошондуктан Кудай бизди чыдамдуулукка жеткире турган «даңктуу күч» менен байланыштырышын сурап Пабыл сыйынып жатат. Бул байланыш ишеним деп аталат.

“Келечектеги ырайым” насаат сөздөн үзүндү (169-бет).