25-май: Кудайдын биз күтпөгөн пландары

Jakshy Kabar Media

25-май: Кудайдын биз күтпөгөн пландары

25-май
Кудайдын биз күтпөгөн пландары
Жон Пайперден насаат сөз

«Сүйлөсөңөр да, иштесеңер да, бардыгын Теңир Ыйсанын ысымы урматына, Ал аркылуу Кудай Атага ыраазычылык билдирүү менен кылгыла».

Колосалыктар 3:17

Сиз жоготкон нерсеңизди, же өтө эле керек болгон нерсени таптакыр башка жерден издеп жатканда, “Ошол мезгилде Кудай эмне кылып жатты эле?” – деп ойлодуңуз беле? Кудай сиз издеп жаткан нерсенин кайда экенин так билсе дагы, сиздин туура эмес жерден издешиңизге Ал жол берет.

Мага бир жолу “Кудайды эңсөө” деп аталган китебимдин жаңы басылышы үчүн цитата керек болду. Мен аны Ричард Вурмбранддын китебинен окуганымды билчүмүн. Мен ошол цитатаны анын “Бийиктикке жетүү” деген китебинде деп ойлогом. Мен аны китептин он тараптагы бетинен көргөндөй болгом. Бирок эч таба албай койдум.

Бирок мен карап жатып, анын 30-ноябрдагы болгон насаат сөзүнө көзүм урунду. Мен аны окуган соң мындай дедим: “Мына ушул себептен, Теңир мени цитатаны башка жерден издөөгө уруксат берген турбайбы” дедим.

Ыйсанын ысымы үчүн эмне гана кылбайлы, эч качан текке кетпейт, керек болсо цитатаны башка жерден издегенде дагы бул жөн эле убакыт коротуу болгон жок. Мен таап алган насаат сөз мындай дейт:

Акыл-эси кем балдар үйүндө Кэтрин жыйырма жыл тарбияланган. Ал төрөлгөндөн баштап эле акылы кем болуп, эч качан сүйлөгөн эмес жана жөн гана эч нерсе кылбай отурчу. Ал элдир-селдир кыймылдап, дубалды акырын тиктеп отурчу. Анын бүт өмүрүндө кылган нерсеси бул тамактануу жана уктоо эле. Кэтрин анын айланасында болуп жаткан окуяларга такыр катышпагандай сезилчү. Анын бутун кесип салууга туура келген. Кызматкерлер Кэтринге жакшы каалоо-тилектерин айтышып жана Теңир аны жакында Өзүнө алып кетет деп үмүттөнүштү.

Бир күнү дарыгер тезинен директорду чакырды. Кэтрин өлүм алдында жаткан эле. Экөө бөлмөгө киргенде, алар көргөн көздөрүнө ишенишпей турушту. Кэтрин өлүм алдында жаткандар үчүн машаякчылардын тандап алган гимнин ырдап жаткан эле. Ал “Жан өз мекенин, бейпилдигин кайдан таба алат?” деген немис ырын кайра-кайра кайталап ырдап жатты. Анын жүзү улам сайын өзгөрүлүп жатты, ал жарым саат бою ырдады. Ошентип, Кэтрин каза болду (“Эң мыктысы алдыда” аттуу насаат сөздөн үзүндү).

Чындыгында, Машаяктын ысымынан жасалган нерселер чын эле ысырап болуп жатабы?

Менин керектүү деп эсептеген нерселеримди башка жерден издеп, убактымды текке кетирген жокмун. Бул майып баланын ырдоосу дагы текке кеткен жок. Эгерде Теңирден күтүлбөгөн ишти издесеңиз жана бардыгын Анын ысымына кылсаңыз, анда плансыз, күтүлбөгөн нерселер текке кетпейт (Колосалыктар 3:17).

“Эгер алтын таап алсаныз, бул күтүлбөгөн нерсеби?” аттуу насаат сөздөн үзүндү.