24-май: Биздин бекем ишенимибиздин пайдубалы

Jakshy Kabar Media

24-май: Биздин бекем ишенимибиздин пайдубалы

24-май
Биздин бекем ишенимибиздин пайдубалы
Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени Рух аркылуу ыйыкталып, чындыкка болгон ишенимиңер аркылуу куткарылышыңар үчүн, Кудай силерди башында эле тандап алган».

2 Тесалоникалыктар 2:13

Ыйык Жазууда Кудай бизди дүйнө жарала электен мурун, биз эч бир жакшы же жаман иш кыла электе эле тандап алганы айтылат (Эфестиктер 1:4, Римдиктер 9:11). Ошондуктан «тандоо» деген сөздүн эң так маанисине таянып айта турган болсок, биздин тандалуубуздун эч кандай шарты жок. Ага биздин ишенимибиз да, тил алчаактыгыбыз да негиз болуп саналбайт. Тандалуу бекер жана биз ага такыр татыктуу эмеспиз.

Бирок башка жагынан караганда (биз дүйнө жарала электеги түбөлүктүүлүктө шартсыз тандалган болсок да), Ыйык Жазуудагы ондогон жерлерде биздин толук куткарылуубуздун шарты бар экени айтылат. Ал шарт – өзгөрүлгөн жүрөк жана өмүр. Анда: Мен ишеним менен ыйыктыкты аягына чейин сактап, аягында түбөлүк өмүргө ээ болорума кантип бекем ишенсем болот? – деген суроо туулат.

Мунун жообу мындай: бизге бекем ишеним берген нерсе – бул биздин тандалуубуз. 2 Петир 1:10 мындай дейт: «Чакырылганыңарды жана тандалгандыгыңарды уламдан-улам бекемдөөгө аракеттенгиле. Анткени ушундай кылсаңар, эч качан мүдүрүлбөйсүңөр». Кудай Өзүнүн тандоосунун негизинде Өзүнө мени куткаруу милдеттенмесин алган, демек [Анын тандоосу – биздин бекем ишенимибиздин негизи] Ал мени ырайым менен тандаганда менин ичимде баштаган ишин Өзүнүн ыйыктоочу ырайымы менен аягына чыгарат.

Жаңы келишимдин мааниси ушундай. Ыйсага ишенген ар бир адам жаңы келишимде убада кылынган нерселерге сөзсүз ээ болот, себеби Ыйса Лука 22:20да мындай деген: «Бул чөйчөк – силер үчүн төгүлө турган Менин каным менен бекитиле турган жаңы келишим». Муну менен Ал: «Мага таандык болгон адамдардын жаңы келишим берген нерселерге ээ болушунун кепилдиги – менин каным», – дегиси келген.

Жаңы келишимде Кудай тил алчаак болууну жөн эле буйрубай, ошондой жөмдөмдүүлүктү бизге берет. «Өмүр сүрүшүң үчүн, Кудай-Теңириң сенин жүрөгүңдү жана укум-тукумуңдун жүрөгүн Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң, жан-дилиң менен сүйө турган кылып өзгөртөт» (Мыйзамды кайталоо 30:6). «Силерге жаңы жүрөк берем, ичиңерге жаңы рух салам. Силердин денеңерден таш жүрөктү алып салып, эт жүрөк берем» (Жезекиел 36:27; 11:20ны да караңыз). Бул аяттардагылар – жаңы келишимде берилген убадалар.

Кудай бизди тандап алганда, жогорудагы убадаларды сөзсүз ишке ашырарын убада кылган. Демек, тандоонун кепилдиги бар: Кудай кимдерди ишеним аркылуу актаган болсо, ошолорду сөзсүз даңктайт (Римдиктер 8:30). Бул биздин даңкталышыбыз үчүн коюлган шарттардын баарын Ал биздин ичибизде сөзсүз аткарарын билдирет.

Бекем ишенимибиздин эң негизги пайдубалы – бул Кудайдын тандоосу, себеби Кудай бизди тандаганда, бизди толук куткарарын убада кылган жана Өзүнө биздин куткарылуубуз үчүн зарыл болгон бардык нерсени ишке ашыруу милдеттенмесин алган.

Бул үзүндү «Кудай берген ырахат» деген китептен алынды (133-134-беттер).