23-май: Машаяк ушул нерсеге татыктуубу?

Jakshy Kabar Media

23-май: Машаяк ушул нерсеге татыктуубу?

23-май
Машаяк ушул нерсеге татыктуубу?
Жон Пайперден насаат сөз

«Ким Мага келип, бирок ата-энесин, аялын, балдарын, ага-инилерин, эже-карындаштарын жана ɵз ɵмүрүн Менден артык кɵрсɵ, ал Менин шакиртим боло албайт. Ким Менин артымдан ɵз айкаш жыгачын кɵтɵрбɵй ээрчисе, ал Менин шакиртим боло албайт».

Лука 14:26-27

Ыйса бизге машаякчы болуунун «эң кыйын жагын» – азаптуу жолун алдын ала айтуудан уялган же корккон эмес: Ал үй-бүлөгө караганда Кудайды көбүрөөк сүйүү (26-аят), айкаш жыгачты кɵтɵрүү (27-аят), ээ болгон нерселеринен баш тартуу (33-аят) тууралуу айткан. Ырайым келишими кичинекей тамгалар менен жазылган эмес. Алардын баары чоң жана калың тамгалар менен жазылган. Арзан ырайым жок! Анын баасы абдан кымбат! Ыйса сизге: Кел, менин шакиртим бол – дейт.

Бирок шайтан ɵзүнүн жаман жагын жашырып, жакшы жагын гана кɵрсɵтɵт. Шайтандын чыныгы жүзү кичинекей тамгалар менен жазылып кɵмүскɵдɵ турат.

(Башталыш 3:4) «Жок ɵлбɵйсүңɵр», (Матай 4:9) «Алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын Сага берем» деген сɵздɵр биринчи беттерде эле чоң, калың тамгалар менен жазылган. Бирок акыркы беттерде кичинекей, билинбеген тамгалар менен жазылып, ушунчалык кичинекей болгондуктан аларды Ыйык Жазуунун чоңойтуп берүүчү айнеги менен гана окуй аласыз. Ал жерде мындай дейт: «Убактылуу ырахаттануулардан кийин, мени менен чогуу тозокто түбɵлүккɵ азап чегесиңер».

Ыйса эмне үчүн Анын жолун жолдоонун «кыйынчылыктарын» да, артыкчылыктарын да кɵрсɵткɵнгɵ даяр, ал эми шайтан болсо бизге аны менен болуунун убактылуу жыргалчылыгын гана кɵрсɵтɵт? Меттью Хенри буга мындай жооп берет: «шайтан ɵзүнүн артынан ээрчүүнүн артыкчылыктарын гана кɵрсɵтɵт, кыйынчылыктарын жашырат, анткени анын артыкчылыктары менен кыйынчылыктары тең эмес; бирок Машаяктыкы толугу менен тең».

Ыйса азап тартуу жана ɵзүнɵн баш тартуу гана эмес, Ал алгач баарыбызды тойго чакырат. Лука 14:16-24 аяттарда айтылган үлгү-насаат аңгеменин мааниси дал ушунда. Ыйса ошондой эле даңктуу тирилүүнү да убада кылат, анда бул жашоодогу бардык жоготуулар кайтарылып берилет (Лука 14:14). Ал бизге кыйынчылыктардан ɵтүүгɵ жардам берерин да айтат (Лука 22:32). Ал Атабыз бизге Ыйык Рухун берерин да айтат (Лука 11:13). Биз асман Падышачылыгы үчүн ɵлтүрүлсɵк да, «башыңардан бир тал чачыңар да жоголбойт» деп убада берет (Лука 21:18).

Ыйсанын артынан ээрчүүнүн артыкчылыктарын жана кыйынчылыктарын таразалап көрсөк – чынында Анын жолун жолдоого Ал татыктуу экенин түшүнɵбүз. Ал буга толугу менен татыктуу (Римдиктер 8:18; 2 Корунттуктар 4:17).

Бирок шайтан менен мындай эмес. Уурдалган нан таттуу, бирок жегенден кийин, ичке киргенден кийин абдан ачуу болот (Накыл сɵздɵр 20:17).

«Шайтан ɵзүнүн артынан ээрчүүнүн артыкчылыгын кɵрсɵтүп, кыйынчылыктарын жашырат. Машаяк Ɵзүнүн артынан ээрчүүнүн кыйынчылыктарын да, артыкчылыгын да кɵрсɵтɵт» насаат сɵзүнɵн үзүндү.