22-май: Ыйса Ɵз койлорун тааныйт

Jakshy Kabar Media

22-май: Ыйса Ɵз койлорун тааныйт

22-май
Ыйса Ɵз койлорун тааныйт
Жон Пайперден насаат сөз

«Менин койлорум Менин үнүмдү угушат. Мен аларды тааныйм».

Жакан 10:27

Ыйса Өзүнɵ таандык адамдарды билет. Муну кандай түшүнсɵк болот?

Жакан 10:3-аят менен Жакан 10:27-аят бири-бирине окшош. «Койлор анын үнүн угушат, ал Ɵзүнүн койлорун атынан чакырат, аларды тышка чыгарат».

Демек, Ыйсанын: «Мен аларды тааныйм» деп айтканы, бул алардын ар биринин атынан тааныгандыгын билдирет. Башкача айтканда, Ал аларды жекече жана жакындан тааныйт. Алар аты жок адашкан койлордой эмес.
Жакан 10:14-15-аяттар бул чындыкты дагы мындай деп толуктайт: «Мен жакшы Кайтаруучумун. Мен Өзүмдүн койлорумду билем, Атам Мени, Мен Атамды билгендей эле, койлорум да Мени билет».

Ыйса асмандагы Атасын билгендей, Ɵзүнүн койлорун да ошондой билет жана мунун ортосунда чыныгы окшоштук бар. Ыйса Атасында жана шакирттеринде Ɵз бейнесин кɵрɵт.

Ыйса кандайдыр бир деңгээлде Ɵзүнүн мүнɵзүн шакирттеринде кɵрɵ алат. Ал Ɵз белгиси менен койлорун белгилеп койгон. Бул нерсе аларды Ага жакындатат.

Ал учактан түшкɵн ар бир адамга кɵз чаптырып, аэропортто аялын күтүп жаткан күйɵɵгө окшош. Аялы келгенде, Ал аны билет, анын ɵзгɵчɵлүктɵрүн айрымалай алат, Ал анын кɵздɵрүнөн Ɵз сүйүүсүн жана бактысын кɵрɵт. Ал ага суктанат. Ага гана кучагын жаят.

Элчи Пабыл муну мындайча тастыктайт: «Кудайдын бекем негизи бек турат, анын тɵмɵнкүдɵй мɵɵрү бар: «Теңир Ɵзүнɵ тиешелүүлɵрдү билет» (2 Тиметей 2:19).

Кудайдын Уулу сизди жекече, жакындан таанышы жана сизди абдан сүйгөндүгү эң улуу артыкчылык экенине баа берүү оңой эмес. Бул Анын бардык койлору үчүн баалуу белек жана ал белек терең, жеке мамилени, сүйүүнү жана түбɵлүк ɵмүр убадасын камтыйт.

«Ыйса түбɵлүк ɵмүр бергендиги үчүн баалуу» насаат сɵзүнɵн үзүндү.