21-май: Кудай сиз үчүн иштейт

Jakshy Kabar Media

21-май: Кудай сиз үчүн иштейт

21-май
Кудай сиз үчүн иштейт
Жон Пайперден насаат сөз

«Мен тоо тарапка көз чаптырам, мага жардам кайдан келет? Жардам мага асман-жерди жараткан Теңирден келет. Ал сенин бутуңдун мүдүрүлүүсүнө жол бербейт, сени Сактоочу үргүлөбөйт».

Забур 120:1-3

Сизге жардам керекпи? Мага керек. Сиз жардамды кайдан, же кимден издейсиз?

Забурчу тоо тарапка көз чаптырып: «Мага жардам кайдан келет?» – деп сураганда, «Мага жардам адырлардан эмес, бирок ошол адырларды жараткан Кудайдан келет. Жардам мага асман-жерди жараткан Теңирден келет» – деп айткан.

Ошентип, ал эки улуу чындыкты эсине алды: Алардын бири – Жаратуучу Кудай бул жашоонун бардык кɵйгɵйлɵрүнɵн да кудуреттүү экендиги; экинчи чындык болсо, Кудай эч качан уктабайт. «Сени Сактоочу үргүлөбөйт» – деп жазылган.

Кудай Өз иштеринде эч качан чарчабайт жана талыкпайт. Кудайды ɵзүңүздүн жашооңуздун эмгекчиси катары элестетиңиз. Бул чындыгында таң калыштуу. Биз өзүбүздү Кудайдын жашоосунун эмгекчилери деп ойлойбуз. Бирок Ыйык Китеп чындыгында, Кудай биздин жашообузда иштеп жатканын кɵрсɵтүүнү каалайт: «Анткени Теңирден үмүт кылгандар үчүн ушунчалык көп иштерди жасаган Сенден башка Кудайды кылымдардын башталышынан бери эч бир кулак уккан эмес, эч бир көз көргөн эмес» (Ышайа 64:4).

Кудай биз үчүн күнү-түнү иштеп жатат. Ал чарчабайт жана уктабайт. Ал бизге жардам берүүнү ушунчалык каалагандыктан, Өзүнө ишенген, Өзүнө таянган адамдарга дагы көбүрөөк жардам берүүнүн жолун издеп жүрɵт: «Анткени Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат» (2 Жылнаама 16:9).

Кудай Өзүнө ишенген адамдар үчүн эмгектенип, Өзүнүн талыкпас күчүн, акылмандыгын жана жакшылыгын көрсөтүүгɵ ынтызаар. Атасы муну Ɵзүнүн Уулу Ыйсаны жиберүү аркылуу кɵрсɵттү: «Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн келген» (Марк 10:45). Ыйса Ɵзүнүн шакирттеринин жашоосунда иштейт. Ал аларга кызмат кылат. Жакшы Кабар «жардамга муктаждыктын» белгиси эмес, «жардам берүүнүн» белгиси.

Биз чындыгында мына бул нерселерге: «Дайыма кубанууга» (1 Тесалоникалыктар 5:16), «бардык учурда бардык нерсе үчүн ыраазылык билдирүүгɵ» (Эфестиктерге 5:20), «Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы» болушуна (Филипиликтерге 4:7), «эч нерседен кам санабоого» (Филиптиктерге 4:6), «бул дүйнɵдɵгү» жашообузду жек кɵрүүгɵ (Жакан 12:25), жана «ɵзүбүздү сүйгɵндɵй жакыныбызды да сүйүүгɵ» (Матай 22:39) ишенишибиз керек.

Кандай гана чындык, кандай гана туура сɵздөр! Кудай Өзүнөн үмүттɵнгɵндɵр үчүн күнү-түнү иштейт.

«Кудай түнү менен сергек» аттуу насаат сɵзүнɵн үзүндү.