20-май: Өз жашообузду кантип жек көрүү керек

Jakshy Kabar Media

20-май: Өз жашообузду кантип жек көрүү керек

20-май
Өз жашообузду кантип жек көрүү керек
Жон Пайперден насаат сөз

«Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде буудайдын даны жерге түшкөндөн кийин өлбөсө, бирөө бойдон гана калат. Эгерде өлсө, көп түшүм берет. Ким өз жанын сүйсө, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким бул дүйнөдө өз жанын жек көрсө, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат».

Жакан 12:24-25

Ким бул дүйнөдө өз жанын жек көрсө, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат деген эмнени билдирет?

Бул деген, сиз жок эле дегенде, бул дүйнөдө өз жашооңуз жөнүндө ойлонбошуңуз керек экендигин, башкача айтканда, сиздин жашооңузда эмне болуп жаткандыгы мындан ары маанилүү эмес экенин түшүндүрөт.

Эгерде адамдар сиз жөнүндө жакшы сөз айтса, бул көп деле мааниге ээ эмес.
Эгерде алар сизди жек көрсө, бул көп деле мааниге ээ эмес.
Эгерде сиздин колуңузда көп нерсе бар болсо, же аз нерсе бар болсо, бул көп деле мааниге ээ эмес.
Эгерде сизди куугунтуктаса же сиз жөнүндө калп айтышса, бул көп деле мааниге ээ эмес.
Эгерде сиз белгилүү адам болсуңуз, же эч ким тааныбаган адам болсоңуз, бул көп деле мааниге ээ эмес.
Эгерде сиз Ыйса менен бирге өлгөн болсоңуз, бул нерселердин баарынын эч кандай мааниси жок.

Бирок Ыйсанын айткан сөздөрү мындан да күчтүү. Ыйса, бизди жөн гана биз каалабаган кыйынчылыктардан өтүшүбүз үчүн эмес, бирок Анын Өзүн ээрчишибиз үчүн чакырат. “Ким Мага кызмат кылгысы келсе, ал Мени ээрчисин. Мен кайсы жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Ким Мага кызмат кылса, аны Атам урматтайт” (Жакан 12:26). Ал бизди кайсы жолго чакырат? Анткени Ал Гетсемания багын карай жана айкаш жыгачты көздөй жол тартты.

Ыйса бул жерде: эгерде ишиң жүрбөй жатса, анда буга капа болбо, кандай болсо да, сен Мени менен бирге өлгөнсүң – деп айткан жок. Ал бизге: Мен айкаш жыгачты тандагандай эле, сен да бул дүйнөдө өз жаныңды жек көрүүнү танда – деп жатат.

Ыйса бул сөздөрдү айтуу менен, бизге бул чындыкты жеткиргиси келген: «Ким Мени ээрчигиси келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана өз айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин” (Матай 16:24). Ал бизди айкаш жыгачты тандоого чакырат. Айкаш жыгачты тандаган адамдар бир гана нерсени кылышкан. Алар ал жерде өлүшкөн. “Өз айкаш жыгачыңды ал” деген сөз, бул, “буудайдын даны жерге түшүп өлгөндөй, сиз дагы өлүңүз” дегенди түшүндүрөт. Сиз дагы мына ушундай жолду тандаңыз.

Эмне үчүн? Кызматка толугу менен берилиш үчүн. Элчи Пабыл мындай дейт: “Бирок мен эч нерсеге карабаймын жана өз өмүрүмдү эч аябаймын, алдымда турган жарышты жана Теңир Ыйса тапшырган кызматты – Кудайдын ырайымы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратуу ишин кубаныч менен аягына чыгарсам эле болду” (Элчилердин иштери 20:24). Менин оюмча, мен Пабылдын: “эгерде мен Кудайдын ырайымынын даңкында жашап жатсам, анда мени менен бир нерсе болуп кетери мен үчүн мааниге ээ эмес” деп айткан сөздөрүн угуп жаткан сыяктуумун.

“Мени менен бир нерсе болсо бул маанилүү эмес” аттуу аңгемеден үзүндү.