19-май: Ыйсаны эмне кубандырат

Jakshy Kabar Media

19-май: Ыйсаны эмне кубандырат

19-май
Ыйсаны эмне кубандырат
Жон Пайперден насаат сөз

“Ошол учурда руху кубанган Ыйса: «Ата, Сен асман-жердин Теңирисиң! Муну акылдуулардан, эстүүлөрдөн жашырып, балдарга ачып бергендигиң үчүн, Сени даңктаймын. Ооба, Ата, анткени Сенин тилегиң ушундай болчу!» – деди”.

Лука 10:21

Ыйсанын кубанышы жөнүндө Ыйык Китепте эки жерде гана жазылган. Бул аят анын бирөөсү. Ыйсанын жетимиш шакирти Жакшы Кабар таратуу кызматынан кайтып келип, кандай ийгиликтерге жетишкендиги жөнүндө Ыйсага айтып беришти.

Мында Үчбирдиктеги үч Инсан тең кубанып жатканын байкасаңыз болот: Ыйса кубанып жатат, бирок бул жерде Ал Ыйык Рухтун жетегинде кубанып жатат деп жазылды. Ыйык Рух Ыйсаны кубанычка толтуруп жана Ага дем берип жатканын мен түшүндүм. Ошондой эле бул аяттын аягында Кудай Атанын каалоосу жөнүндө жазылган. Бул аят Эл Аралык Жаңы котормодо мындай деп которулган; “Ооба, Ата! Анткени Сенин кубаныч менен кылган нерсең ушундай болчу”.

Эми, мында Үчбирдиктеги үч Инсанды эмне кубандырып жатат? Бул Кудайдын бардык акылмандардан жашырып, кичине наристелерге ачып берген Анын эркин сүйүүсү. “Ата, асман менен жердин Теңири! Муну даанышмандар менен акылмандардан жашырып, наристелерге ачып бергениң үчүн Сени даңктайм!” Бул Кудай тандаган сүйүү.

Ал эми, Кудайдын кээ бирөөлөргө сүйүүсүн ачып, кээ бирөөлөрдөн жашырганын кандай түшүнсө болот? Мунун жообун Лука 10:22-аяттан таба алабыз: «Мага бардыгын Атам берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким билбейт. Ал эми Атасынын ким экенин Уулу жана Уулу кимге ачып бергиси келсе, ошол адамдардан башка эч ким билбейт».

Жетимиш шакирт Жакшы Кабар таратуу кызматынан кайтып келишип, ал жөнүндө Ыйсага айтып беришкенден кийин, Кудай Ата аларды Өз каалоосу жана кубанычы менен тандап алып, аларга Өз Уулун ачып берип, ал эми Аны акылмандардан жашырганы үчүн Ыйса жана Ыйык Рух буга абдан кубанышты.

Бул сөздөр Кудай кандайдыр бир топтогу адамдарды эле тандайт дегенди билдирбейт. Бул нерсе, Кудайдын ырайымына татыксыз деп эсептелген адамдарды тандоого Кудайдын укугу бар экенин билдирет.

Адамдын жетишкендиктери, адамдык ийгиликтер үстөмдүк кылган нерселерге Кудай каршы. Кудай, өзүн акылдуу эсептеген адамдарга эмес, алсыздыгын жана кемчилигин мойнуна алган адамдарга Өзүн ачып берет.

Кудай Ата Өзүнө үмүттөнгөн элдерди куткарып, алардын багын ачып жатканын Ыйса көргөндө, Ал Ыйык Рух менен бирге кубанып, Атанын тандоосуна ыраазы болот.

Ошентип, биз дагы Кудайдын тандалган балдарынын арасында экенибизди түшүнгөнүбүздө, биз дагы ал кубанычка бөлөнөбүз.

“Кудайдын ырахаты” аттуу аңгемеден үзүндү.