18-май: Жарыктын артындагы Жарык

Jakshy Kabar Media

18-май: Жарыктын артындагы Жарык

18-май
Жарыктын артындагы Жарык
Жон Пайперден насаат сөз

«Эгерде силер Машаяк менен кошо тирилсеңер, анда асмандагыга умтулгула, анткени Машаяк Кудайдын оң жагында, асманда отурат. Жердеги жөнүндө эмес, асмандагы жөнүндө ойлогула».

Колосалыктар 3:1-2

Ыйса Машаяк сергектик берет. Ошондуктан, жогорудагы, асмандагы нерсени издеңиз. Жай мезгилиндеги эс алуулар менен, Машаякты керексиз нерселерге алмаштырбаңыз. Машаяктан алыстап өз кызыкчылыктарыбызды издөө рухту жакырдантат.

Алгач, биздин аз сыйынганыбыз жана Кудай Сөзүнө аз убакыт бөлгөнүбүз туура кылып жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок мезгили келгенде, сыйынууга жана Кудай Сөзүнө жетишерлик убакыт бөлбөгөнүбүз үчүн анын баасын төлөөгө туура келет. Мунун кесепетинен биз алсыз, күнөөгө каршы турууга жөндөмсүз болуп, маанисиз нерселер менен алектенип, мамилелер үстүртөн эле болуп, табынууга жана рухий чындыктарга кызыкчылыгыбызды жоготобуз.

Жайкы эс алуулар ишенимиңизди алсыратпасын. Буга жол бербеңиз. Кудай жай мезгилин ырахаттын туу чокусу үчүн эмес, асман жыргалчылыгынын кичине бир даамын таттырыш үчүн жараткан.

Эгер катчы күйөө жигитиңиздин атынан сизге кат алып келсе, ал катчынын өзүн сүйүп калбаңыз. Ошондой эле, убактылуу көз ирмемдерге алданбаңыз, ошондо алдыдагы кыйынчылыктарга алдырбайсыз.

Ыйса Машаякта гана биз чындап эс алабыз. Ал бардык нерселерден жогору (Колосалыктар 1:18). Ал биздин бардык эс алууларыбыздан; пикниктен, кызыктуу оюндардан, узак сейилдөөлөрдөн жана пикнитеги даамдуу тамактан дагы жогору. Ал ушул жай мезгилиндеги эс алуу убагында бизге мындай дейт: “Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем” (Матай 11:28).

Биз мына ушуну каалайбыз да, туурабы? Кеп мына ушунда болуп жатпайбы. Биз бул жыргалчылыкты, кубанычты жана тынчтыкты канчалык кааласак, Машаяк бизге ошончолук Өзүн берет. “Мени издейсиңер, эгерде Мени чын жүрөктөн издесеңер, табасыңар” (Жеремия 29:13).

Пабыл бул жөнүндө мындай дейт, “Ошондуктан күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, Кудайга кайрылгыла. Ошондо силерге Теңирден кубанычтуу мезгилдер келет, Ал силерге алдын ала дайындалган Ыйса Машаякты жиберет” (Элчилердин иштери 3:19-20). Тобо кылуу бул күнөөдөн баш тартууну гана эмес, бул ачык жана моюн сунган жүрөк менен Кудайга кайрылууну билдирет.

Жайкы эс алуу мезгилине карата сиздин ойлоруңуз кандай? Сиздин ойлоруңуз Колосалыктар 3:1-2 аяттарда айтылгандарга окшошпу? “Эгерде силер Машаяк менен кошо тирилсеңер, анда асмандагыга умтулгула, анткени Машаяк Кудайдын оң жагында, асманда отурат. Жердеги жөнүндө эмес, асмандагы жөнүндө ойлогула”.

Жерди Кудай жараткан. Бул жер Кудайдын жери! Бул алдын ала кыскача көз ирмемдер, түбөлүктүү жай мезгили кандай болорун көрсөтүүчү чындык. Бул келечекте боло турган түбөлүктүү жайдын, түбөлүктүү шаардын кыскача бир көз ирмеми, анткени ал “Шаар күндүн да, айдын да жарык кылып туруусуна муктаж эмес экен, анткени аны Кудайдын даңкы жарык кылып турду, анын шам чырагы – Козу Өзү” (Аян 21:23).

Жай мезгилинде жарыгын чачып турган асмандагы күн – бул Кудайдын келечектеги түбөлүктүү даңкын көрсөтүп турат. Жай мезгили мына ушуну көрсөтүү үчүн берилген. Сиз ушуну көргүңүз келеби?

Теңир, жарыктын артындагы Жарыкты көрүүгө жардам бере көрүңүз!

“Жай мезгилиндеги ой жүгүртүүлөр” аттуу аңгемеден үзүндү.