17-май: Санариптик шаймандар аркылуу келген беш коркунуч

Jakshy Kabar Media

17-май: Санариптик шаймандар аркылуу келген беш коркунуч

17-май
Санариптик шаймандар аркылуу келген беш коркунуч
Жон Пайперден насаат сөз

«Теңирибиз Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта болгула. Денеге кам көрүүнү кумарга айландырбагыла».

Римдиктер 13:14

Машаякчылар азыркы маданияттын агымы менен медуза сыяктуу сүзбөйт. Биз Рухтун жетеги менен жашайбыз жана Кудайдын Сөзү аркылуу өз жолубуздун агымын табабыз. Биз медузалардай эмес, дельфиндердей болуп сүзөбүз. Ошол биз сүзгөн агымдагы күнүмдүк жашоодо, төмөндөгү реалдуу беш коркунуч камтылган:

(1) Ашыкча кызыгуунун тузагы

Санариптик шаймандар аягы бүтпөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат. Атүгүл негизги нерселерге кызыгуу аркылуу бир нече сааттарды жоготобуз. Ошондой эле аягы жок толтура колдонмолор бар. Аларга бир нече жума кетиребиз. Ошентип, булар улам татаал жолдору менен адамдарды өзүнө тартышат.

Мунун баары өтө алдамчы, адамга күч жана эффективдүүлүк иллюзиясын берип туруп, күндүн акырында кандайдыр-бир боштук жана тынчсыздануу сезимдерин жаратат.

Чечим: Мен мындай техникалык шаймандарга болгон убактымды чектеп, жашоомду иллюзияга эмес, чындыкка көбүрөөк арнайм.

(2) Виртуалдык же башкача айтканда курулай дүйнө

Жөндөмдүү, чыгармачыл адамдардын чындык менен эч кандай байланышы жок, жөн гана виртуалдуу шаарларды, армияларды жана укмуштуу окуяларды жаратууга өмүрүнүн сааттарын жана күндөрүн арнаганы кандай гана өкүнүчтүү. Бул өмүр бизге бир эле жолу берилген. Ал үчүн чыныгы Кудай бизге бардык күчтү берген. Ал күч бизди же чындап бейишке, же чындап тозокко алып барат.

Чечим: Мен өзүмдүн убактымды, чыгармачыл энергиямды виртуалдык жашоого эмес, чыныгы жашоомо сарптайм.

(3) Техникага болгон мамиле

Башка техникаларга салыштырмалуу, компьютердин адамга көбүрөөк жакындыгы кооптуурак. Сиз аны менен оюн ойной аласыз. Ал сиз менен сүйлөшөт. Ал ар дайым сиздин айтканыңыздай болот.

Бул жердеги чоң коркунуч мында. Бул каалагандай башкарылуучу электрондук техникага “адам” көнүп калат. Ал болсо акырындык менен адам баласын кээде капаланткан, кээде кубанткан, кээде таарынткан, кээде соороткон кадимки мамилелерден алыстоого алып келет.

Чечим: Жеке адам менен болгон мамилеме коркунуч жаратпаш үчүн, аны жансыз электрондук мамилеге алмаштырбайм.

(4) Жашыруун жолугушуулардын коркунучу

Жыныстык мамиле куруу жашыруун жолугушуудан жана жан дүйнөсүндөгү сырларды бөлүшүүдөн башталат. Бул нерсе сырттагы адамдарга көрүнбөй, билинбей жашыруун кылса болот деген ойлордон пайда болушу ыктымал.

Чечим: Жубайымдан же жолдошумдан башка карама-каршы жыныстагы адам менен жекеме-жеке мамиле түзбөйм. Эгер мен бойдок болсом, мен башка бирөөнүн жубайы же жолдошу менен андай мамилеге барбайм.

(5) Порно

Порно бул көрүүгө тыюу салынган видеолорго салыштырмалуу алда канча зыян. Порнографияны көрүү виртуалдык түрдө катышууга дагы мүмкүнчүлүк берет.

Мен аны эч качан көргөн эмесмин. Ошондой эле мен аны көрөйүн деген ниетим дагы жок.

Бул рухту өчүрөт, Кудайдан алыстатат жана сыйынууну басат. Бул Кудайдын Сөзүн эстен чыгарып, рухубузду алсыратат, рухий күчүбүздү талкалайт жана ал бардыгын арам кылат.

Чечим: Мен эч качан жыныстык кумар үчүн бир дагы колдонмону же вебсайтты ачпайм, порнографиялык нерселерди сатып же жүктөп дагы албайм.

“Чыныгы эмес комьютердик беш коркунуч” насаат сөздөн үзүндү.