16-май: Эркин сүйүү

Jakshy Kabar Media

16-май: Эркин сүйүү

16-май
Эркин сүйүү
Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени асман жана асмандардын асманы, жер жана андагынын бардыгы  Кудай-Теңириңдин колунда. Азыр өзүңөр көрүп тургандай, Теңир башка элдердин ичинен силердин ата-бабаларыңарды гана сүйүп, алардын тукуму болгон силерди  тандап алган».

Мыйзамды Кайталоо 10:14-15

Өз элин тандап алып, аларга көрсөткөн шартсыз сүйүүсү – бул Кудай тандап алган сүйүү. Бул Анын ченемсиз мээриминин жана чексиз акылмандыгынын ашып-ташып тургандыгын көрсөтүп турат.

Мыйзамды Кайталоо 10:14–15-аяттарда Кудайдын жер жүзүндөгү бардык элдердин арасынан Ысрайылды тандап алганына абдан сыймыктангандыгы сүрөттөлгөн. Бул жерден эки нерсеге көңүл бургула:

Алгач, 14 жана 15-аяттардагы айырмачылыкка көңүл бурсаңар. Кудай бүт ааламга ээлик кылып турса дагы, эмне үчүн Муса Кудайдын Ысрайылды тандап алышын сүрөттөгөн? Эмне үчүн ал 14-аятта: “Асмандагы жана жердегинин бардыгы Кудайга таандык” – деп, анан 15-аятта: “Бирок Ал силерди Өз эли кылып тандап алды” – деп айткан?

Мунун себеби, Кудайдын тандоосунда кандайдыр бир чектөөлөр бар болгондуктан, Ал бул элди тандап алууга аргасыз болгон деген түшүнүктөн алыс болуу. Кудай Өз элине гана ээ болуу укугу менен бийлигине ээ жана Ал башка элдердин Кудайы боло албайт деген бутпарастык туура эмес ойлорду жокко чыгаруу.

Бар болуп туруучу чыныгы Кудай ааламдагы нерселердин бардыгына ээ жана Ал каалаган элди Өзүнүн өзгөчө эли кылып тандап алуу укугуна жана бийлигине ээ экендиги чындык.

Ошентип, Кудайдын Ысрайылды тандап алгандыгы – бул алар үчүн таң каларлык чындык. Кудай аларды танбадай койсо деле болмок. Ал Өзүнүн куткаруу максаттарына жетиш үчүн, жер жүзүндөгү каалаган элди тандап алууга же эч кимисин тандабай коюу укугуна ээ.

Ошондуктан, Ал Өзүн “алардын Кудайымын” деп атаганда, бул сөз айкашы Кудай Мисир же Канаан кудайлары менен бирдей деңгээлде дегенди билдирбейт. Кудай ошол кудайлардын жана алардын элдеринин үстүнөн ээлик кылат. Эгерде бул нерсе Кудайга жакканда, анда Ал Өз максаттарын ишке ашыруу үчүн таптакыр башка адамдарды тандап алмак.

14 жана 15-аяттар Кудайдын эркиндигин, Анын чексиз укугун жана бийлигин көрсөтүп турат.

15-аятка ылайык, көңүл бура турган экинчи нерсе – бул Кудай Өзүнүн көз карандысыз эрки менен «алардын ата-бабаларын сүйгөн». Кудай аларды сүйгөндүгүнө ыраазы болгон.

Кудайдын Ысрайылдын ата-бабаларына болгон сүйүүсү, алар жүйүт болгондугу үчүн же алардын жакшы иштери үчүн эмес, Кудайын Өз эрки жана мээрими менен болгон.

Бул Машаякка ишенгендер үчүн сабак. Кудай бизди биз бир нерсеге татыктуу болгонубуз үчүн тандап алган жок, бирок Ал бизди Өз эркин менен тандап алды. Бул Кудайдын каалоосу менен ишке ашты.

“Кудайдагы ырахат, 112-114 бет” насаат сөздөн үзүндү.