15-май: Момундук деген эмне?

Jakshy Kabar Media

15-май: Момундук деген эмне?

15-май
Момундук деген эмне?
Жон Пайперден насаат сөз

«Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат».

Матай 5:5

Момундук Кудайга таянуудан башталат. Биз Ага ишенгендиктен, өз жолубузду, ошондой эле, тынчсызданууларыбызды, кайгыларыбызды, пландарыбызды, мамилелерибизди, жумушубузду, ден-соолугубузду Ага тапшырабыз.

Андан кийин, биз Теңирди чыдамдуулук менен күтөбүз. Ал Өз даңкы үчүн жана биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бардык маселелерди эң сонун жолдор менен чечип берерине, Анын убактысына, күчүнө жана ырайымына ишенебиз.

Кудайга таянуунун жана тынчсызданууларыбызды Кудайга тапшырып, Аны чыдамдуулук менен күтүүнүн натыйжасы, бизди тез ачуулануудан сактайт. Тескерисинче, биз ишибизди Кудайга өткөрүп берип, Кудайдын каарына орун беребиз жана Ал Өз каалоосу боюнча бизди актайт.

Анан, Жакып айткандай, биз ишенимдүүлүк менен ойлонуп сүйлөйбүз жана укканга даяр болобуз. Биз акыл-эстүү экенибизди жүрүм-турумубуз аркылуу көрсөтөбүз. Жакып муну «акылдуу момундук» деп атаган (Жакып жазган кат 1 жана 3-бөлүмдөр).

Момундук сапат үйрөнгөндү жакшы көрөт. Ошондой эле ал досунун оңдоп-түзөгөнүн баалуу деп эсептейт (Накыл сөздөр 27:6). Момун адам күнөө кылган же ката кетирген адамга сын-пикирин айтып жатканда, өзүнүн дагы ката кетирип, күнөө кылып алышы мүмкүн экендигин жана Кудайдын ырайымына толугу менен көз каранды экендигин моюнга алат (Галаттыктар 6:1).

Токтоолук, ачыктык жана жумшактык момундуктун абдан кооз, ошол эле учурда өтө оор мүнөздөрү болуп саналат. Бул биздин күнөөкөр табиятыбызга карама-каршы келет. Бул эбегейсиз зор жардамды талап кылат.

Эгерде сиз Ыйса Машаяктын шакирти болсоңуз – Ага ишенип, Ага баш ийип, Аны чыдамдуулук менен күтсөңүз – Анда Кудай сизге жардам берет.

Кудайдын сизге жардам берүүсүнүн бирден-бир негизги жолу – бул сиз Ыйса Машаякка таандык экендигиңизге жана Машаяктагы нерселердин бардыгы сизге таандык экенине ишенүү (1 Корунттуктар 3:21-23). Анткени, момундар жерди мурасташат.

«Момундар бактылуу» деген насаат сɵзүнɵн үзүндү.