14-май: Идеялардын кесепеттери

Jakshy Kabar Media

14-май: Идеялардын кесепеттери

14-май
Идеялардын кесепеттери
Жон Пайперден насаат сөз

«Акыл-насааттын максаты болсо чын жүрөктөн чыккан сүйүү».

1 Тиметей 1:5

Виктор Франкл Экинчи Дүйнөлүк Согуш маалында фашисттердин Освенцим жана Дахаудагы концлагерлеринде камакта отурган. Ал неврология жана психиатрия боюнча еврей профессору катары сегиз миллиондон ашык нускада сатылган “Адамдын жашоосунун маңызы тууралуу изденүүсү” деген китеби менен дүйнөгө белгилүү болгон.

Ал анда ɵзүнүн логотерапия деп аталган философиясынын маанисин түшүндүрүп берет. Тактап айтканда, адамдын жашоодогу эң негизги максаты – бул жашоонун маанисин түшүнүү. Анын концлагерлердеги үрɵй учурган окуялардагы байкоосу боюнча, эгер адамдын «эмне үчүн?» деген суроого жообу болсо, анда ал жашоонун дээрлик сыноолоруна «кантип?» чыдаш керектигин билет. Бирок жакында мени ойлондурган цитата бул болду:

Мен Освенцимдин, Треблинка менен Майданектин газ камералары кандайдыр бир министрликте же Берлинде эмес, нигилисттик илимпоздордун жана философтордун лекцияларында жана кабинеттеринде даярдалгандыгына толук ишенем («Виктор Франкл токсон жашта: Маектешүү», Биринчи нерселер, Апрель, 1995-жыл, 41-бет).

Башкача айтканда, идеялардын бата алып келүүчү же кыйратуучу натыйжалары бар. Адамдардын жакшы жана жаман жүрүм-турумдары ɵздɵрүнүн чындыкка карата басымдуу ой-пикирлеринин натыйжасында келип чыгат. Бул идеялар акылга сиңип, жыйынтыгында жакшы же жаман нерсеге алып келет.

Ыйык Жазуу идеялардын иш жүзүндɵгү кесепеттери тууралуу чындыкты түшүндүрүп берген жолдорунун бири бул: «Ал эми буга чейин жазылгандын баары үмүтүбүздү үзбɵшүбүз үчүн жазылган» (Римдиктер 15:4). Ыйык Жазууда жазылган идеялар үмүттүн практикалык натыйжасын берет.

Дагы бир жолу, Пабыл: «Акыл-насааттын максаты болсо чын жүрөктөн чыккан сүйүү» – дейт (1 Тиметей 1:5). “Насаат” же “үйрɵтүү” аркылуу берилген идеялар сүйүүнү пайда кылат.

Үмүт жана сүйүү Ыйык Жазууда ачылган идеялардан – чындыкка карата кɵз караштардан келип чыгышат.

Ыйык Жазуу «ошондуктан» жана «ошентип» деген сɵздɵрдү колдонуу аркылуу идеялардын кесепеттери жɵнүндɵ дагы бир ачыктоону жүргүзɵт. «Ошондуктан, ошентип» деген сɵздɵр буга чейин болгон нерселердин жыйынтыгын билдирет. Мисалы, «Ошентип, биз ишеним аркылуу акталып, Теңирибиз Ыйса Машаяк аркылуу Кудай менен тынчтыкка ээбиз» (Римдиктер 5:1). Же: «Ошентип, азыр Машаяк Ыйсанын ичинде жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт» (Римдиктер 8:1). Же: «Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла» (Матай 6:36).

Эгерде биз ушул практикалык «натыйжалардын» бийлигинде жашоону кааласак, анда алардан мурун келген, бекем чындыкка негизделген кɵз караштарга, идеяларга толук ишенип баш ийишибиз керек. Идеялардын кесепеттери бар. Ошондуктан, бардык идеяларыбызды Кудайдын Сɵзүнүн бийлигине алып келели.

Кайра тирилүүнүн улуу «Натыйжасы» насаат сɵзүнɵн үзүндү.