13-май: Баарынын түпкү себеби

Jakshy Kabar Media

13-май: Баарынын түпкү себеби

13-май
Баарынын түпкү себеби
Жон Пайперден насаат сөз

«Өз каалоосу жана жакшы тилеги боюнча Ыйса Машаяк аркылуу Өзүнө бала кылып алууну алдын ала белгилеп койгон».

Эфестиктер 1:5

Чарльз Спержендин башынан ɵткɵргɵндɵрү кадимки Машаякчы үчүн ɵтɵ эле ɵɵн учурабайт.

Спержен 1834-жылдан 1892-жылдар аралыгында жашап ɵткɵн. Ал Жорж Мюллер менен Хадсон Тейлордун замандашы жана досу болгон. Ал Лондондогу Борбордук Жыйында отуз жылдан ашуун убакыт бою ɵз мезгилинин эң белгилүү койчусу катары кызмат кылган.

Анын окутуусу ушуначалык күчтүү болгондуктан, жума сайын адамдар Машаякка кайрылышчу. Анын насаат сɵздɵрү бүгүнкү күндɵ да басылууда жана кɵпчүлүк адамдар үчүн, көптөгөн жандардын куткарылуусуна себеп болгон үлгүлүү адам катары урматталып келет.

Ал он алты жашында ɵзүнүн жашоосун жана мындан аркы кызматын ɵзгɵрткɵн окуяны мындай деп эскерет:

Мен Ыйсага ишене баштаганда, мунун баарын ɵзүм жасап жатам деп ойлогом. Мен Теңирди чын жүрɵгүм менен издеп жаткам, бирок чынында Кудай мени издеп жатканын билген эмесмин. Башында жаңы ишенген адам үчүн муну түшүнүү бир аз оор деп ойлойм.

Алгач ошол чындыктарды (эгемендүү жана тайманбас ырайым жɵнүндɵгү окууларды) жүрɵгүмɵ кабыл алган күндү жана саатты эстейм. Алар Жон Баньян айткандай, менин жүрɵгүмдү ысык темир баскандай күйдүрүп жиберди. Күтүлбөгөн жерден, ɵзүмдү кичинекей баладан чоң адамга айланганымдай сезгенимди эстей алам. Кудайдын чындыгынын ачкычын биротоло таптым жана мунун жыйынтыгында Ыйык Жазуу боюнча билимим ɵскɵнүн түшүндүм.

Бир күнү кечинде, Кудайдын үйүндɵ отурган кезде, насаатчынын окутуусу жɵнүндɵ кɵп ойлонгон жокмун, анткени мен ага ишенген жокмун.

Сен кантип Машаякчы болуп калдың? деген ой мени абдан таң калтырды. Мен Теңирди издеп жүрдүм. Бирок сиз Теңирди кантип издеп калдыңыз эле? Эгерде буга чейин мага Аны издегенге түрткү берген кандайдыр бир таасир болбогондо, мен Аны издемек эмесмин – деген чындык кɵз ирмемде оюма жылт эте түштү. Мен сыйындым деп ойлодум, бирок кайра ɵзүмдɵн, сыйынуума эмне түрткү берди деп сурадым. Ыйык Жазууну окуу аркылуу сыйынууга мажбур болдум. Ыйык Жазууну окууга эмне түрткү берди? Мен аны окучумун, бирок буга эмне себеп болду?

Анан, бир заматта, мунун бардыгынын түпкү себеби Кудай экенин жана Ал менин ишенимимдин автору экенин түшүндүм. Мына ошол себептен, мага бул ырайым жɵнүндɵгү окуу толугу менен ачылды жана ушул күнгɵ чейин мен андан баш тарткан жокмун. Мен муну дайыма ачык айтып сыйынууну каалайм, «Ɵзгɵрүүмдүн себеби толугу менен Кудай деп тааныйм».

А сизчи? Ɵзүңүздүн Кудайга кайрылууңуздун себеби толугу менен Кудайдан деп эсептейсизби? Мунун түпкү себеби Кудай деп эсептейсизби? Бул нерсе сизге Анын эгемендүү, тайманбас ырайымынын даңкын даңазалаганга түрткү береби?

«Кудайдагы жыргалчылык» аттуу насаат сɵздɵн үзүндү, 107-108-беттер.