12-май: Эмне үчүн душмандарыбызды сүйүшүбүз керек?

Jakshy Kabar Media

12-май: Эмне үчүн душмандарыбызды сүйүшүбүз керек?

12-май
Эмне үчүн душмандарыбызды сүйүшүбүз керек?
Жон Пайперден насаат сөз

«Душмандарыңарды сүйгүлө, силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла».

Лука 6:27

Машаякчылар эмне үчүн душмандарын сүйүп, аларга жакшылык кылышы керек экенин кɵрсɵткɵн эки маанилүү себеп бар.

Биринчиси, бул кандайдыр бир деңгээлде Кудайды кандай экендигин, Анын мээримдүү экенин ачып берүү.

Анткени Ал Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат (Матай 5:45).

Ал бизге мыйзамсыз иштерибизге жараша жасаган жок, бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалаган жок (Забур 102:10).

Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машаяк аркылуу кечиргендей, бири-бириңерди кечиргиле (Эфестиктер 4:32).

Эгерде Машаякчылар Кудайдын күчү менен жогоруда жазылгандай жашаса, анда биз Кудайдын кандай экендигин көрсөтөбүз.

Экинчиси, чыныгы Машаякчылардын жүрөктөрү Кудайдын даңкына толгон жана алар өч алуу, же өзүн өзү көтөрүү, байлыкка же жер жүзүндөгү коопсуздукка умтулушпайт.

Кудай биздин толук кенчибиз болуп калды, ошондуктан биз душмандарыбызга кооптонуу сезимдерибиздин натыйжасында эмес, Кудайдын кудуреттүү даңкына ээ болгон өз толуктугубуздан улам мамиле кылабыз.

Эврейлер 10:34-аятта мындай деп жазылган: «Мал-мүлкүңɵрдү талап-тоноп кетишкенде, кайгырган жоксуңар (башкача айтканда душмандарыңардан ɵч алган жоксуңар), Анткени асманда андан жакшы, түбɵлүктүү байлыгыңар бар экенин билчүсүңɵр». Бул дүйнɵ биздин үйүбүз эмес экенине жана Кудай биздин ишенимдүү жана толук канааттандыруучу сыйлыгыбыз экенине терең ишенүү биздин ɵч алуубузга жол бербейт. Себеби биз «асманда андан жакшы, түбɵлүктүү байлыгыбыз» бар экенин билебиз.

Душманыбызды сүйүүнүн эки себебинде тең эң негизгиси бул Кудай чындыгында мээримдүү жана бардык даңкка татыктуу Кудай экенин кɵрдүк.

Кудайдын бизге көрсөткөн мээримине ыраазы болуу аркылуу биз мээримдин күчүнɵ ээ болобуз. Мээримдүү болуунун түпкү себеби Кудайды даңктоо, башкача айтканда, башкаларга Аны Ɵзүнүн мээрими үчүн даңктоого шарт түзүү. Биз Кудайдын улуулугун көрсөтүүнү каалайбыз. Адамдардын көз алдында биздин сүйүүбүз Кудайдын ырайымы аркылуу, Аны улуу кылып көрсөтүшүн каалайбыз.  

«Качан жамандыкка жакшылык менен жооп бериш керек?» деген насаат сɵзүнɵн үзүндү.