11-май: Татып көрүңүз

Jakshy Kabar Media

11-май: Татып көрүңүз

11-май
Татып көрүңүз
Жон Пайперден насаат сөз

Татып көргүлө, ошондо Теңирдин кандай жакшы экенин көрөсүңөр!

Забур 33:9

Кудайдын даңкын эч качан татып көргөн эмесмин деп айтып жаткандарга, силер Анын көптөгөн татымдарын татып көргөнсүңөр мен айтмакмын.

Асманды карап, ага суктандыңыз беле? Сизди бирөө кучактады беле? Суук күндөрдө жылуу оттун алдында жылынып отурдуңуз беле? Токойдо сейилдеп көрдүңүз беле, көлдүн жээгинде отурдуңуз беле, жайкы керебетте, же жатуучу асма тордо жатып эс алып көрдүңүз беле? Аябай ысык күндө сиз жакшы көргөн суусундукту ичтиңиз беле? Же ушундай ысык күндө жакшы көргөн тамагыңызды жедиңиз беле?

Биздин ар бир каалообуз даңкка алып келиши керек. Биз аны Кудайдан гана таба алабыз. Бул каалоолор таза, же жаман каалоолор да болушу мүмкүн.

Сиз Кудайдын даңкын татып көргөн эмесмин деп айтышыңыз мүмкүн. Мен болсо сизге, барып татып көрүңүз, ал үчүн Кудайдын Өзүнө барыңыз деп айтамын.

Сиз көлөкөлөргө гана эмес, ал көлөкөлөрдү түшүргөн нерселердин өзүнө көңүл буруңуз. Сиз күндүн жылуу нурларында басып жүргөнсүз, эми күндүн өзүнө көңүл буруңуз. Аны Жакшы Кабардын күчү жана жарыгы аркылуу карап көрүңүз. Сиз Кудайдын даңкынын жаңырыктарын көп жолу уктуңуз, эми болсо жүрөгүңүздү Анын Өзүнө буруңуз.

Жүрөгүңүздү Кудайдын Өзүнө буруу үчүн эң жакшы жер бул Ыйса Машаяктын айкаш жыгачы. “Сөз адам болуп, биз менен жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле” (Жакан 1:14).

Эгерде сиз Кудайдын даңкы көбүрөөк көрүнүшүн кааласаңыз, Ыйык Жазуудагы Ыйсаны, ошондой эле өзгөчө айкаш жыгачты караңыз. Бул сиздин көңүлүңүздү, жүрөгүңүздү бардык жерде Кудайдын чыныгы даңкын көрүүгө бурат  жана Ал даңкты татып көрүшүңүз үчүн, даам татуу сезимдериңизди ойготот.

Сиз мына ушул нерселер үчүн жаралгансыз.  Мен сизден сурана турган нерсе: бул жердеги жашоонун көлөкөлөрүнө убактыңызды коротпоңуз. Кудай сизди Анын даңкын көрүш үчүн жана даамын татыш үчүн жараткан. Буга чын жүрөгүңүз менен жана бардык аракетиңиз менен жетүүгө умтулуңуз. Сиз бул даамды татып көргөнсүз. Эми бул даамды толугу менен татып баштаңыз.

“Кудайдын улуу максаты: Анын даңкынын байлыгын билген ырайымыны идиштери” аттуу аңгемеден үзүндү.