10-май: Анын ысымы менен аталган эл

Jakshy Kabar Media

10-май: Анын ысымы менен аталган эл

10-май
Анын ысымы менен аталган эл
Жон Пайперден насаат сөз

Шымон бизге Кудайдын эң башында эле бутпарастарга назарын салып, алардан Өзүнүн ысымы үчүн эл жаратууну каалаганын айтып берди.

Элчилердин иштери 15:14

Жыйындын миссиясын аткаруу менен Кудайдын ысымынын маңызына, же Анын даңкына жетишерлик баа берүү мүмкүн эмес.

Элчи Петирдин таза эмес жаныбарлар жөнүндө көргөн көрүнүшү анын оюн түп-тамырынан өзгөрттү жана ал Кудайдын Жакшы Кабарын бутпарастарга да, жүйүттөргө да таратуу керектигин билди (Элчилердин иштери 10-бөлүм). Ал Иерусалимге кайтып келип, элчилерге мунун баары Кудайдын эрки менен болуп жатканын айтты. Акырында элчи Жакып Петирдин сөзүн мындайча жыйынтыктады: “Бир туугандар! Мага кулак салгылачы. Шымон бизге Кудайдын эң башында эле бутпарастарга назарын салып, алардан Өзүнүн ысымы үчүн эл жаратууну каалаганын айтып берди” (Элчилердин иштери 15:13-14).

Петирдин: «Кудайдын максаты Өз ысымы үчүн эл жаратуу» – деп айтышы эч таң калыштуу эмес. Анткени Ыйса бир канча жыл мурун Петирге унутулгус сабак берген.

Эсиңиздеби, бир бай адам Ыйсаны эрчүүдөн баш тартып, кетип калганда, Петир Ыйсага мындай деген: “Мына, биз [бул адамга окшобой] баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз. Бул үчүн эмне алабыз?” (Матай 19:27). Ыйса аны жемелебестен ашкерелеп, Адам Уулунун ысымы үчүн бардыгын курмандык кылгандар толук батага ээ болорун айтты.

Ыйса ага мындай дейт, “Менин ысымым үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, аялын же балдарын, же өз жерин таштаган адам жүз эсе алат жана түбөлүк өмүрдү мурастайт” (Матай 19:29).

 Чындык мында; Кудай Өз кудурети менен Өзүнүн улуу максатына жетиш үчүн ар бир уруудан, ар бир тилден жана ар улуттан элдерди Өз ысымы үчүн жаратып жатканы айдан ачык (Аян 5:9, 7:9). Ал Өз ысымы менен аталган элдердин арасында түбөлүк даңкталгысы келет.

Ошундуктан, биз бул дүйнөнүн атак-даңкын жана өз кызыкчылыктарыбызды издөөдөн баш тартып, бардык ойлорубузду жана сезим, каалоолорубузду Анын колуна тапшырып, Анын улуу максатын издесек, Кудайдын ысымы жеңиш туусундай биздин алдыбызда желбирейт жана канчалаган кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрө турган болсок дагы биз жеңишке жетебиз (Элчилердин иштери 14:22, Римдиктерге 8:35-39).

«Кудайдан ырахат алуу» аттуу насаат сөздөн үзүндү, 102-103 беттер.