9-май: Кудайды сүйүү деген эмне?

Jakshy Kabar Media

9-май: Кудайды сүйүү деген эмне?

9-май
Кудайды сүйүү деген эмне?
Жон Пайперден насаат сөз

Дөөттүн Жүйүт чөлүндө жүргөндөгү забуру. Кудай! Сен менин Кудайымсың, Сени таң сүргөндөн баштап эле издей баштайм. Менин жаным Сени эңсейт, какшыган, суусуз ээн жерде денем Сени көксөйт.

Забур 62:1-2

Дөөт сыяктуу адамдын жан-дүйнөсүнүн чаңкоосун бир гана Кудай кандыра алат. Дөөт болсо Кудайдын жүрөгүнө жаккан адам болгон. Биз ар бирибиз ушул максатта, Кудайга жагуу үчүн жаратылганбыз. Демек, Кудайды сүйүү деген бул Анын берген белектери же баталары менен гана эмес, Анын Өзү менен, даңктуу Кудайдын Өзү менен бактылуу болуу дегенди билдирет.

Кудайды сүйүү деген бул Анын бардык осуяттарына баш ийүү, Анын бардык сөздөрүнө ишенүү жана Ал берген белектин баарына ыраазычылык билдирүү. Бирок, баарынан мурун, Кудайды сүйүүнүн маңызы бул Кудай ким болсо, ошол болгону үчүн Аны менен суктануу жана ырахаттануу. Кудай менен болгон мына ушул ырахаттануубуз, биздин башка бардык иштерибизди Анын даңкына жетелейт.

Биз булардын бардыгын ички туюмубуздан, ошондой эле Ыйык Жазуудан биле алабыз.

Биз карызыбызды кечирген адамдын сүйүү көрсөткөнүнөн улам урмат сыйды сезебизби, же баарлашуудан келген кубанычтын өзүнөнбү?

Жубайыма “сени менен өткөргөн убакыт мени бактылуу кылат” деп айткан сөздөрүм аны абдан сыймыктантат. Анын бактысы – менин бактым. Кудай менен да ушундай. Биз Ага канчалык ыраазы болсок, Ал ошончолук даңкталат.

Жердеги жашоодо эч кимибиз Кудайдагы толук бакытка жете элекпиз.

Мен бул дүйнөнүн сооронучун, же ыңгайлуу шарттарын жоготкондо, көбүнчө кайгырам. Бирок мен Кудайдын жакшы экенин татып көргөм. Азыр мен Кудайдын ырайымы аркылуу түбөлүк кубанычтын булагын билем.

“Теңирден мен бир гана нерсени сурадым, ошону гана издеп келем: өмүр бою Теңирдин үйүндө болгум келет, Теңирдин сулуулугун көргүм келет, Анын ийбадатканасына барып тургум келет” (Забур 26:4). Ошондуктан, адамдар ушул сөздөрдү мени менен бирге айтканга чейин, мен аларды кубанууга шыктандырып жашай берем!

«Кудай ким болсо, Аны ошондой сүйүү: Багуучунун көз карашы» аттуу аңгемеден үзүндү.