8-май: Анын осуяттарынан ырахат алуу

Jakshy Kabar Media

8-май: Анын осуяттарынан ырахат алуу

8-май
Анын осуяттарынан ырахат алуу
Жон Пайперден насаат сөз

Кудайды сүйүү деген – Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес. Анткени Кудайдан туулган адам дүйнөнү жеңет. Дүйнөнүн үстүнөн жеңишке жеткирген нерсе – бул биздин ишенимибиз. Дүйнөнү Ыйсанын Кудай Уулу экендигине ишенген адамдан  башка ким жеңе алат?

1 Жакан 5:3-5

Бул аяттардан көрүнүп тургандай, кайрадан төрөлүү, же Кудайдан төрөлүү – Кудайдын осуяттарын аткаруунун оорчулугун ырахаттанууга айлантат. Башкача айтканда, Кудайдан төрөлгөндөр үчүн Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес экенин айтат.

Кандайча Кудайдан төрөлүү Кудайдын осуяттарын аткаруунун оорчулугун ырахатка айландырат?

Элчи Жакан: “Бул дүйнөнү жеңген жеңиш – биздин ишенимибиз”, – деп айткан (1 Жакан 5:4). Башкача айтканда, Кудайдан төрөлүү бул ишенимге ээ болуу менен Кудайдын осуяттарын аткарып, бул дүйнөнүн оорчулугун жеңип чыгуу. Бул чындык 1 Жакан 5:1-аятта мындайча тастыкталат: “Ыйсаны Машаяк деп эсептегендердин баары Кудайдан төрөлгөндөр”.

Ишеним – бул Кудайдан туулганыбыздын далили. Ишенүү аркылуу кайрадан төрөлүүнү биз өзүбүз чечпейбиз. Биз жаңыдан төрөлүшүбүз үчүн, Кудай биздеги ишеним каалоосун жаратат. Петир биринчи катында айткандай, Кудай бизди «тирүү үмүт менен кайрадан жаратты» (1 Петир 1:3). Биздин тирүү үмүтүбүз же келечектеги ырайымга болгон ишенимибиз – бул жаңыдан төрөлүү аркылуу жасалган Кудайдын иши.

Ошентип, Жакан: “Кудайдан төрөлгөн ар бир адам бул дүйнөнү жеңет”, – деген чындыкты дагы мындай сөздөр менен кошумчалаган, “Дүйнөнүн үстүнөн жеңишке жеткирген нерсе – бул биздин ишенимибиз” (1 Жакан 5:4). Мен муну мындай деп түшүнөм, Кудай бизге жаңыдан төрөлүүгө мүмкүнчүлүк берип, дүйнөнү жеңип чыгууга, башкача айтканда, Кудайдын осуяттарын сактап жашоо үчүн, биздин бул дүйнөгө таандык баш ийбөөчүлүк табиятыбызды жеңүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңыдан төрөлүү биздин ичибиздеги ишенимди жаратат жана бул ишеним Кудайдын осуяттарын оор көрбөй, тескерисинче жагымдуу көз караш менен караганга үйрөтөт.

Демек, биздин ишенимибиз Кудайга жана Анын эркине болгон табиятыбыздагы душмандыкты жеңгенге жардам берип, бизге эркиндик берет. Биздин ишенимибиз Анын осуяттарын аткарууга жардам берет, ошондуктан биз забурчу менен чогуу мындай деп айтабыз: “Оо, Кудайым, Сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам” (Забур 38:9).

“Келечектеги ырайым, 158–159 беттер” насаат сөздөн үзүндү.