7-май: Кудай кызматка муктаж эмес

Jakshy Kabar Media

7-май: Кудай кызматка муктаж эмес

7-май
Кудай кызматка муктаж эмес
Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн,бүт жер жүзүн карап турат.»

2 Жылнаама 16:9

Кудай бул дүйнөдө эмнени издейт? Жардамчылардыбы? Жок. Жакшы Кабар бул “жардамга муктаж” болгондору издөө же Машаякчылык кызматка чакыруу дегенди билдирбейт.

Кудай Өзүнө кызмат кыла турган адамдарды издебейт. “Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат” (2 Жылнаама 16:9).

Ал Өзү улуу кызматчы. Анын кең, оор жүк көтөрүүчү ийиндери бар. Ал баарынан күчтүү. Мына ушул нерселерди көрсөтүүнүн жолдорун Ал издеп жатат.

Чыныгы Кудай менен бул дүйнөнүн кудайларынын айырмасы – Ал биз үчүн иштегенинде. “Анткени Теңирден үмүт кылгандар үчүн ушунчалык көп иштерди жасаган Сенден башка Кудайды кылымдардын башталышынан бери эч бир кулак уккан эмес, эч бир көз көргөн эмес” (Ышайа 64:4).

Кудай бизден эмнени каалайт? Биз күткөн нерсениби? Жок. Ал Ысрайылдыктарга көптөгөн курмандыктарды алып келгени үчүн айыптап: “Токойдогу жаныбарлардын баары Меники. Эгерде мен ачка болсом да, сага айтмак эмесмин, анткени бүткүл аалам жана анда жашагандардын баары Меники” – деп айткан (Забур 49:9-10, 12).

Бирок, биз Кудайга бир нерсе берүү менен, муктаж болгон адам сыяктуу Анын деңгээлин төмөн кыла алабызбы? Же, башкача айтканда, Анын жүзүн өзүбүзгө бура алабызбы?

Ооба, биздин тынчсызданууларыбыз, биздин муктаждыктарыбыз, Анын эркин суранган биздин ыйыбыз Анын жүзүн бизге бурат.

“Бардык түйшүгүңөрдү Мага тапшыргыла” деген осуятты Ал бизге берген (1 Петир 5:7).

Биз Кудайга көз каранды экендигибизди жана Ал бардыгынан кудуреттүү Кудай экендигин моюнга алганыбызды Ал кубаныч менен кабыл алат.

Машаякчылык толугу менен айыктырат. Оорулуулар өз дарыгерлерине кызмат кылышпайт. Алар дарылоо жана айыгуу алыш үчүн аларга ишенишет.

Тоодогу насаат – бул биздин Жумуш берүүчүбүздүн жумуш тизмеси эмес. Бул биздин Дарыгердин дарылоо жана айыктыруу рецепттери.

Биздин жашообуз Кудай үчүн иштөө деген принципти гана камтыбайт. “Иш кылган адамга эмгек акы ырайым катары эмес, тийиштүү эмгек акы катары берилет. Ал эми иш кылбаган, бирок мыйзамсыз адамды актай турган Кудайга ишенген адамдын ишеними ага адилеттик катары эсептелинет” (Римдиктерге 4:4-5).

Жумушчулар белек алыш үчүн иштешпейт. Алар кылган иштерине жараша эмгек акы алышат. Эгерде биз өз күчүбүз менен актала алсак, анда биз Ал үчүн иштемек эмеспиз. Кудай Өзү улуу кызматчы. Ал Өзүнүн даңкы үчүн бизге ырайымын төгүп жатат.

“Бир туугандар, Кудайга кызмат кылбагыла деп аларга айткыла!” насаат сөздөн үзүндү.