6-май: Чыныгы билим чоң кубанычты тартуулайт

Jakshy Kabar Media

6-май: Чыныгы билим чоң кубанычты тартуулайт

6-май
Чыныгы билим чоң кубанычты тартуулайт
Джон Пайперден насаат сөз

«Ошондо бүт эл барып, өз көңүлдөрүн көтөрүп,салтанат менен майрамдашты, анткени аларга айтылган сөздөрдү терең түшүнүштү.»

Некемия 8:12

Кудайды таанып-билүү Кудайдын баалуулугун чагылдырган жана Аны толук сүйүү менен даңктай турган жалгыз кубанычты тартуулайт. Ошондуктан, Кудайды таанып-билүүбүз аз, же жетишерлик эмес болсо, анда толук эмес, жеткилең эмес кубанычка ээ болобуз.

Некемия 8:12-аяттагы Ысрайылдыктардын тажрыйбасынан Кудайды даңктаган жүрөктөгү кубаныч кандай болорун мисал катары көрсөк болот. Эзра аларга Кудайдын Сөзүн окуп берди, лебилер болсо аны түшүндүрүп беришти. Ошондо бүт эл барып, көңүлдөрүн көтөрүштү.

Алар Кудайдын чыныгы сөздөрүн терең түшүнгөндүктөн, чоң кубанычка ээ болушкан.

Көпчүлүгүбүзгө Ыйык Жазууну түшүндүрүп берип жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанган (Лука 24:32).

Шакирттеринин кубанычы толук болуш үчүн окуткандыгын Ыйса эки жолу айткан. “Силерде Менин кубанычым болсун деп, Мен силерге ушул сөздөрдү айттым” (Жакан 15:11).

“Менин кубанычым аларда толугу менен болсун деп, буларды бул дүйнөдө экенимде айтып жатам” (Жакан 17:13).

Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, Жараткан Кудай Өзүн таанып билүүнү жана Аны менен ырахаттанууну бизге сунуш кылган. “Теңир Өзүн Шилодо сөзү аркылуу Шемуелге ачкандан кийин, Шилого келип турду” (1 Шемуел 3:21).

Белгилей кетүүчү нерсе, эгерде биздин кубанычыбыз Кудайдын даңкын чагылдыра турган болсо, анда ал даңктуу Кудай жөнүндөгү чыныгы билимден келип чыгышы керек. Эгер биз чындап Кудайдан ырахат алгыбыз келсе, Анын кубанычына, Андагы бакытка ээ болгубуз келсе, анда Анын Өзүн чындап таанып билишибиз керек.

“Постмодернизм дүйнөсүндөгү Машаяктын үстөмдүгү жана кубанычы” насаат сөздөн үзүндү.