5-май: Кубанычтын жети булагы

Jakshy Kabar Media

5-май: Кубанычтын жети булагы

5-май
Туура эмес ниеттин коркунучтуу кесепети
Жон Пайперден насаат сөз

«Бардык кайгы-капабызга карабай, толугу менен сооронуп, аябай кубанып жатам.»

2 Корунттуктар 7:4

Пабыл жашоосунда болуп жаткан кыйынчылыктарга карабастан, ичиндеги кубанычын кантип бекем сактай алды? Анын кубанычы кайдан келип жатты?

Эң биринчиден, муну ага Ыйса үйрɵткɵн: «Адамдар силерди жек кɵрүп жатса бактылуусуңар…. Ошол күнү сүйүнгүлө, кубангыла, анткени силердин асмандагы белегиңер чоң!» (Лука 6:22-23). Ыйса үчүн болгон кыйынчылыктар, жердеги жашоого караганда түбөлүккө созулган асмандагы жашоого болгон кызыкчылыкты арттырат.

Экинчиден, бул биздин иш-аракеттерибизден, кыялдарыбыздан же үй-бүлөлүк тарбиябыздан эмес, Ыйык Рухтан келет. «Рухтун жемиши бул кубаныч» (Галаттыктар 5:22). «Сөздү Ыйык Рухтан келген кубаныч менен кабыл алдыңар» (1 Тесалоникалыктар 1:6).

Үчүнчүдɵн, бул Кудайдын Падышачылыгына таандык болуудан келет. «Анткени Кудайдын Падышачылыгы тамак же суусундук эмес, тескерисинче, Ыйык Рух берген адилеттик, тынчтык жана кубаныч» (Римдиктер 14:17).

Тɵртүнчүдɵн, бул Кудайга болгон ишеним аркылуу келет. «Υмүт берүүчү Кудай силерди ишеним жолунда кубанычка жана тынчтыкка бөлөсүн» (Римдиктер 15:13). «Ишеним жолунда ийгиликке жетип, кубанычка ээ болушуңар үчүн, каларымды жана баарыңар менен бирге болорумду жакшы билем» (Филипиялыктар 1:25).

Бешинчиден, Ыйсаны Теңир катары таанып билүүдɵн келет. «Ар дайым Теңир менен кубангыла» (Филипиялыктар 4:4).
Алтынчыдан, жащообуздагы жалган жагдайлардан эмес, кубанычтын булагына назарыбызды топтоого жардам берген жаныбыздагы ишенүүчүлɵрдɵн келет. «Силердин кубанышыңарга өбөлгө түзүп жатабыз» (2 Корунттуктар 1:24).

Жетинчиден, кыйынчылыктардын ыйыктыкка жетелеген таасирлеринен келет. «Анткени биз кайгы аркылуу чыдамкайлык, чыдамкайлык аркылуу тажрыйбалуулук, тажрыйбалуулук аркылуу үмүт келерин билебиз» (Римдиктер 5:3-4).

Эгерде биз Пабылдын: «Толугу менен сооронуп, аябай кубанып жатам» деген сөздөрүн сезе элек болсок, анда ал бизди буга чакырат. «Мен Машаяктан үлгү алгандай эле, силер да менден үлгү алгыла» (1 Корунттуктар 11:1). Бул кɵпчүлүгүбүздү күчтүү сыйынууга чакырат. Анткени Ыйык Рухтун жетегиндеги кубанычтуу жашоо – бул эң сонун жашоо.

«Кубаныч кайдан келет?» деген насаат сɵзүнɵн үзүндү.