3-май: Кантип кечирим сураш керек?

Jakshy Kabar Media

3-май: Кантип кечирим сураш керек?

3-май
Кантип кечирим сураш керек?
Джон Пайперден насаат сөз

Ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет.

1 Жакан 1:9

Семинариядагы профессорлорумдун бири, адамдын теологиялык билимин текшерүүнүн эң жакшы жолдорунун бири, бул анын биздин сыйынуубузга тийгизген таасири деп айтканы эсимде.

Бул мага, ошол кезде менин жашоомдо болуп жаткан окуялардан улам чындыктай сезилди. Ноэл экɵɵбүз жаңы эле баш кошуп, кечкисин дайыма чогуу сыйынып баштаганбыз. Менин теологиялык билимимди тереңдеткенге жардам берип жаткан Ыйык Жазуу боюнча курстарда, менин сыйынууларым кескин ɵзгɵрүлүп жатканын байкадым.

Мүмкүн, ошол күндɵрдɵгү эң чоң ɵзгɵрүү, бул мен Кудайдын алдында Анын даңкына ылайык ɵз оюмду негиздегенге үйрɵнүп баштаганым. Сыйынууларымды “Ысымың ыйыкталсын” деп баштап, “Ыйсанын ысымы менен” деп бүтүргɵнүм – Кудайдын ысымынын даңкы, менин бардык сыйынууларымдын максаты жана негизи экендигин билдирчү.

Кечирим сурап сыйынганда Кудайдын ырайымдуулугуна гана таянбастан, Уулунун тил алчаактыгынын негизинде берилген адилеттүүлүккɵ да таянышыбыз керек экендигин түшүндүм. Бул чындык менин жашоомду күчкɵ толтурду. Ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет (1 Жакан 1:9).

Жаңы Келишимде бардык күнөөлөрдүн кечирилишинин себеби, Байыркы Келишимге караганда ачык-айкын көрсөтүлсө да, андагы негиз, тактап айтканда, Кудайдын Ɵзүнүн ысымына болгон ишенимдүүлүгү эч өзгөрүлбөйт.

Пабыл Машаяктын өлүмү – Кудайдын адилдигин күнөөлөрдүн кечирилиши аркылуу көрсөткөндүгүн жана Кудайдын адилеттиги өзүнө эмес, Ыйсага таянган кудайсыздардын акталгандыгы аркылуу көрсөткөндүгүн айтат (Римдиктер 3:25-26).

Башкача айтканда, күнөөкөрлөрдүн Ыйса үчүн акталышы – бул адилеттүүлүктүн одоно катасы сыяктуу көрүнсɵ да, Кудайдын ысымын ыйыктоо үчүн, Машаяк биротоло өлгөн. Бирок Ыйсанын ɵлүмү, «Ыйса үчүн» болгон кечирим, «Кудайдын ысымы үчүн» кечирүү менен бирдей болушуна алып келди. Бул жерде адилеттүүлүктүн катасы жок. Кудайдын ысымы, Анын адилдиги, акыйкаттыгы Кудайдын даңкын чыгара турган ушундай курмандык менен камсыз кылынган.

Ыйса акыркы саатта: «Азыр жаным кыйналып турат. Эмне дейин? “Ата! Мени ушул сааттан куткара көр”, – дейинби? Бирок Мен ушул саат үчүн келгем. Ата! Өз ысымыңды даңкта!» – деп айткан (Жакан 12:27-28). Ал Ыйсага ишенген адамдарга адилеттүү жана актоочу катары таанылышы үчүн дал ушундай кылды (Римдиктер 3:26).

«Кудайдагы жыргалчылык» аттуу насаат сɵзүнɵн үзүндү, 91-92 беттер.