2-май: Кудай Өз сүйүүсүн далилдейт

Jakshy Kabar Media

2-май: Кудай Өз сүйүүсүн далилдейт

2-май
Кудай Өз сүйүүсүн далилдейт
Джон Пайперден насаат сөз

https://youtu.be/Aoz4JHb1Uc8

“Машаяк болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдейт”.

Римдиктер 5:8

Бул сүйлөмдө “далилдейт” деген сөз учур чакта жана “өлдү” деген сөз өткөн чакта жазылганын байкаңыз. “Машаяк болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеп жатат”.

Бул учур чактагы далилдөө бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жаткан иш-аракет экенин билдирет жана келечекте дагы улана берет.

Өткөн чактагы “өлдү” деген сөз Машаяк бардык элдин күнөөсү үчүн бир ирет өлгөнүн жана бул кайра кайталанбастыгын билдирет. “Себеби Машаяк да бизди Кудайга алып келүү үчүн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир ирет азап тартты. Адил Адам адилетсиз адамдар үчүн азап тартты. Анын денеси өлтүрүлдү, бирок руху тирилтилди” (1 Петир 3:18).

Эмнеге Пабыл “Кудай далилдейт” деген учур чактагы сүйлөмдү колдонду? Мен Пабылдан: “Машаяк болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди”, – деп айтаканын күттүм. Машаяктын өлүмү Кудайдын сүйүүсүнүн далили болгон эмес беле? Бул далилдөө өткөн убакта болгон эмес беле?

Менин оюмча бул табышмактын жообу бир нече аят мурун берилген. Пабыл мындай дейт “Бул нерсе менен гана эмес, кайгылар менен да мактанып жатабыз. Анткени биз кайгы аркылуу чыдамкайлык, чыдамкайлык аркылуу тажрыйбалуулук, тажрыйбалуулук аркылуу үмүт келерин билебиз. Ал эми үмүт уят кылбайт, анткени Кудайдын сүйүүсү бизге берилген Ыйык Рух аркылуу жүрөгүбүзгө төгүлгөн” (Римдиктер 5:3-5).

Башкача айтканда, Кудай бизди ушунун бардыгына жетелеп барганынын себеби бул үмүт. Ал бардык кыйынчылыктарга карабастан, бизде бекем үмүт болушун каалайт.

Бирок биз кантип үмүттөнүшүбүз керек?

Пабыл кийинки аятта мындай деп жооп берет: “Ал эми үмүт уят кылбайт, анткени Кудайдын сүйүүсү бизге берилген Ыйык Рух аркылуу жүрөгүбүзгө төгүлгөн” (Римдиктер 5:5). Кудайдын сүйүүсү биздин жүрөгүбүзгө төгүлгөн. Бул этиштин чагы, Кудайдын сүйүүсү биздин жүрөгүбүзгө өткөн чакта жана азыркы убакта дагы төгүлөрүн билдирет.

Кудай чынында бизге болгон сүйүүсүн, Өзүнүн жалгыз Уулун биздин кылган күнөөлөрүбүз үчүн өлүмгө берүү менен далилдеди. Эгерде биз чыдамдуулук мүнөзгө жана үмүткө ээ болгубуз келсе, бул өткөн чактагы сүйүү азыркы учурда жана келечекте да болушу керектигин Ал билет.

Ошондуктан, бул сүйүүнү ал Голгофада гана далилдеген эмес. Ал Рух аркылуу биздин жүрөктөрүбүздө далилдеди. Ал муну жүрөгүбүздү ачып, айкаш жыгачтын даңкын көрүүгө жана эч нерсе бизди Машаяк Ыйсадагы Кудайдын сүйүүсүнөн ажырата албастыгына кепилдик берди (Римдиктер 8:38-39).

“Кудайдын сүйүүсү: Өткөн жана учур чакта” аттуу аңгемеден үзүндү.