1-май: Мындан ары кир эмес

Jakshy Kabar Media

1-май: Мындан ары кир эмес

1-май
Мындан ары кир эмес
Жон Пайперден насаат сөз

“Биз баарыбыз таза эместей болуп калдык, биздин болгон адилеттигибиз булганган кийимдей. Баарыбыз жалбырактай болуп соолуп калдык, мыйзамсыздыктарыбыз бизди шамалдай учуруп жатат”.

Ышайа 64:6

Чындыгында, Кудайдын мыйзамдарынын бирөөсүн эле бузганыбыз, Анын жеткилең ыйыктыгына шек келтиргенибизди билдирет жана бул бизди жоопко тартууга мажбур кылат, анткени Кудай эч кандай күнөөгө чыдабайт (Хабакук 1:13; Жакып 2:10-11). Бирок, күнөөсүз, жеткилең адилдикке өз күчүң менен ээ болуу мүмкүн эместиги, Байыркы Келишимде адамды (ошондой эле, азыр бизди да) өлүмгө алып келген.

Алардын өлүмүнө алып келген нерсе, бул Кудайдын ырайымдуу убадаларына, айрыкча, Ал бир күнү жеткилең, адилеттүү Куткаруучуну Өз элине жибере тургандыгына ишенбестик, же үмүттүн жоктугу болгон. “Теңир биздин адилеттигибиз”(Жеремия 23:6, 33:16). Эски Келишим убагындагы ыйык, адил адамдар мына ушундай ишеним жолу менен сакталып каларын, бул ишеним баш ийүүнүн ачкычы жана бул баш ийүү ишенимдин далили экенин билишкен.

Адамдардын, Машаяк аркылуу берилген адилдик гана кандайдыр бир мааниге ээ деп айткандыгы таң калыштуу. Албетте, адилдик биздин эч кандай адил иштерибизге, керек болсо, ишеним аркылуу Рух берген адилдигибизге да негизделген эмес, бирок бир гана Машаяк бизге берген Анын адилдигине негизделген. Бирок кээде адамдар, адамдын бардык адил иштерин четке кагуу менен карашат. Мындай адилдик Кудайга жакпагандай сүйлөшөт. Бирок, мунун эч кандай пайдасы жок.

Алар көбүнчө, биздин адилдигибиз бул жыртык, же «булганган кийим» сыяктуу деп Ышайа 64:6-аяттагы сөздөр менен актанышат.

Бирок Ышайа 64:6-аяттын контекстинде айтылган сөз, Кудайдын эли жасаган бардык эле адил иштерди Кудай кабыл албайт дегенди билдирбейт. Ышайа бул жерде адил иштерин эки жүздүүлүк менен кылган адамдар жөнүндө сөз кылып жатат. Бул чыныгы адилдик эмес. Бирок, буга чейинки аятта Ышайа «адилеттикти кубануу менен аткарган» адамды Кудай кабыл аларын айткан (Ышайа 64:5).

Машаяктын жеткилең адилдиги бизге көрсөтүлбөсө, айкаш жыгачка чейин дагы, андан кийин дагы, эч ким ыйык Кудай тарабынан кабыл алынбайт эле (Римдиктер 5:19; 1 Корунттуктар 1:30; 2 Корунттуктар 5:21). Бул чындык!  Азырынча жеткилең эмес болсо да, бирок «булганган кийимдей» эмес, акталуу алган адамдардан Кудай адилдикти жаратат.

Чындыгында, Ал ушундай адилдикти жаратты жана бул адилдик Кудай үчүн баалуу. Бул  биздин акталышыбыздын негизи эмес (бул Машаяктын гана адилдиги жана), Кудайдын акталган балдары болгонубуздун далили. Пабыл  Филипиликтер 1:10–11-аяттарда төмөндөгүдөй сыйынгандай эле, биз да сыйынышыбыз керек: “Эң жакшысын ажырата билип, Машаяктын күнүндө таза жана кемчиликсиз болушуңар үчүн, Кудай даңкталышы жана макталышы үчүн, Ыйса Машаяк аркылуу адилдиктин жемишине артыгы менен ээ болушуңар үчүн сыйынам”.

«Келечектеги ырайым» аттуу аңгемеден үзүндү, 150–151 беттер.