30-апрель: Кубануунун он беш тактикасы

Jakshy Kabar Media

30-апрель: Кубануунун он беш тактикасы

30-апрель
Кубануунун он беш тактикасы
Джон Пайперден насаат сөз

“Сен мага өмүр жолун көрсөтөсүң. Сенин алдыңда – толук кубаныч, оң колуңда – түбөлүк жыргал”.

Забур 16:11

Бул күнөөлүү жана азаптуу жашоодо ишенимге коркунуч туулгандай эле кубанычка дагы коркунуч туулду. Пабыл Тиметейге «Ишеним үчүн болгон жакшы күрөштө тырышчаактык менен күрөш», – деди (1 Тиметей 6:12). Ошондой эле бул кубанычка дагы тиешелүү. Биз бул үчүн иштешибиз жана күрөшүшүбүз керек. Пабыл Корунттагы ишенгендерге мындай дейт: «Силердин кубанышыңарга өбөлгө түзүп жатабыз» (2 Корунттуктарга 1:24). Биз кубаныч үчүн кантип күрөшүшүбүз керек? Төмөндөгү 15 тактикага көңүл буруңуз:

  1. Кудайдан келген чыныгы кубаныч – бул белек экенин унутпаңыз.
  2. Кубануу үчүн туруктуулук менен күрөшүш керек экени эсиңизде болсун. Жогорудагы бул эки нерсеге таң калбаңыз.
  3. Сиздин жашооңузда белгилүү болгон бардык күнөөлөргө Ыйык Рухтун күчү менен каршы турууга чечим чыгарыңыз.
  4. Акталган күнөөкөр сыяктуу, сиз да күнөө кылган учурда, Кудайдын алдына келүүнүн сырын үйрөнүңүз.
  5. Бул күрөш – Кудайдын ким экендигин көрүү үчүн болгон күрөш экенин билиңиз.
  6. Кудайдын сөзү жөнүндө күнү-түнү ой жүгүртүңүз.
  7. Сиздин жүрөгүңүзгө Кудай сүйлөш үчүн жана Кудайга жакын болушуңуз үчүн чын жүрөктөн сыйыныңыз жана дайыма сыйынууда болуңуз.
  8. Өзүңүздү уккандан көрө, өзүңүзгө сүйлөгөндү үйрөнүңүз.
  9. Кудайга жакын болууга жана кыйынчылыктарга каршы күрөшүүгө жардам бере алган Кудайга жакын адамдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз.
  10. Кудай алыс сезилгендей, же таштап кеткендей сезилген күндөрдө чыдамдуу болуңуз.
  11. Сиздин денеңизди Кудай жараткан, ошондуктан убагында эс алып, көнүгүү жасап, туура тамактаныңыз.
  12. Жаратылышка сейилдегени чыгыңыз жана ал аркылуу Кудайдын ким экендигин таанып билиңиз.
  13. Кудай жөнүндөгү жакшы китептерди жана ишеним баатырларынын өмүр баяндарын окуңуз.
  14. Кыйын болсо дагы башка адамдарга сүйүү көрсөтүүдөн, аларга жакшы иштерди кылуудан тайбаңыз.
  15. Машаяктын иши жөнүндө улуу көз карашка ээ болуңуз жана Жакшы Кабар жетпеген адамдар үчүн өзүңүздү арнаңыз.

Булардын ар бирин тастыктоо үчүн Ыйык Жазууда аяттар бар. Эгерде сиз аларды билгиңиз келсе, аларды «Мен Кудайды таанып билүүгө каалоо жок учурда, кубануу үчүн кантип күрөшүү керек?» аттуу китептен таба аласыз.

«Кубаныч үчүн кантип күрөшүү керек?» керек аттуу аңгемеден үзүндү.