29-апрель: Күндүн чыгарына аз калды

Jakshy Kabar Media

29-апрель: Күндүн чыгарына аз калды

29-апрель
Күндүн чыгарына аз калды
Жон Пайперден насаат сөз

Түн өтүп баратат, күн жакындап калды.

Римдиктер 13:12

Бул сөздөр азап чеккен машаякчылар үчүн үмүт берген сөздөр. Бул сөздөр өз күнөөсүн жек көргөн жана күнөөдөн арылууну эңсеген машаякчылар үчүн үмүт берген сөздөр. Бул сөздөр акыркы душман болуп эсептелген өлүмдү жеңип, аны оттуу көлгө ыргытууну эңсеген машаякчылар үчүн үмүт берген сөздөр (Аян 20:14).

Үмүт деген сөздүн жогоруда айтылгандарга кандай тиешеси бар?

“Түн” деген сөз бул караңгы дүйнөнү, анын күнөөсүн жана өлүмүн билдирет. Пабыл “Түн өтүп баратат” деп айтуу менен эмнени айткысы келген? Күнөө менен кайгынын жана өлүмдүн доору өтүп баратат. Ал эми адилдиктин, тынчтыктын жана толук кубанычтын күнү жакындап калды.

Сиз “2000 жыл узакка созулган таң” деп айтышыңыз да мүмкүн. Ооба, бир чети бул туура көз караш. Ошондуктан биз: “Оо, Теңир, дагы качанга чейин созулат?” – деп даттанабыз.

Бирок “Качанга чейин!” деген даттануубуз бизге канчалык туура көрүнсө да, Ыйык Жазуу буга башкача карайт. Бул биздин түшүнүгүбүздөн алда канча жогору. Ыйык Жазуунун дүйнөнүн тарыхына болгон көз карашы такыр башкача.

«Күн» менен «түндүн» негизги айырмачылыгы мында: «күн» – бул Ыйса Машаяк аркылуу башталган Андагы жаңы доор. Ыйса жок болуп бараткан бул дүйнөнүн акыры. Башкача айтканда, Ыйса жок болуп бараткан бул дүйнөнүн акырында келди. Ыйса өлүп, кайра тирилгенде, Ал күнөөнү жана ооруну, өлүмдү жана шайтанды жеңди. Бул кылымдагы эң улуу согуш аяктап, падышачылык жана түбөлүк өмүр келди.

«Таң атуу» – бул Ыйсанын келиши. Күндүн чыгышынан эч ким күмөн санабаган сыяктуу эле, Ыйсанын келишинен да эч кимибиз күмөн санабашыбыз керек. 2 Петир 3:8-аятта: “Сүйүктүү бир туугандар, Теңир алдында бир күн миң жылдай, ал эми миң жыл бир күндөй экени силерге белгилүү болсун» – деп айтылгандай, бул биз үчүн 2000 жылдай туюлса дагы, биз күмөн санабайлы. Таң агарып, күн чыгайын деп калды. Күндүн чыгышына эч ким жана эч нерсе тоскоол боло албайт.

«Теңирибиз Ыйса Машаякка таян»,1-бөлүк насаат сөздөн үзүндү.