28-апрель: Укмуштуудай алмашуу

Jakshy Kabar Media

28-апрель: Укмуштуудай алмашуу

28-апрель
Укмуштуудай алмашуу
Жон Пайперден насаат сөз

Мен Жакшы Кабар таратуудан уялбаймын. Анткени Жакшы Кабар – бардык ишенгендерди: алгач жүйүттөрдү, андан кийин эллиндерди да куткара турган Кудайдын күчү. Анткени Жакшы Кабарда Кудайдын адилдиги ачылган.

Римдиктер 1:16-17

Кудайга жагыш үчүн, бизге адилдик керек. Бирок бизде ал адилдик жок. Тескерисинче, бизде күнөө бар.

Ошентип, Кудайда биз татыксыз болгон, ошол эле учурда биз муктаж болгон адилдик бар. Ал эми бизде болсо Кудай жек көргөн жана Ал кабыл албаган нерсе бар – бул күнөө.

Бул жагдайга Кудайдын жообу кандай?

Анын жообу биз үчүн өлгөн жана биздин сотту Өз мойнуна көтөргөн Кудайдын Уулу Ыйса Машаяк. «Кудай Өзүнүн Уулун күнөөкөр адамдын денесиндей дене менен күнөө үчүн чалынуучу курмандык катары жиберип, денеде жашаган күнөөнү соттоду» (Римдиктер 8:3).

Кимдин денеси айыпталды? Ыйсанын денеси. Бул аркылуу кимдин күнөөлөрү соттолду? Биздин күнөөлөрүбүз. Бул укмуштуудай орун алмашуу.

2 Корунттуктар 5:21де мындай деп айтылат: «Машаяк аркылуу Өзүнүн алдында бизди адилеттүү кылыш үчүн, күнөөнү билбеген Машаякты биз үчүн күнөөлүү кылды».

Кудай биздин күнөөлөрүбүздү Машаяктын мойнуна жүктөдү жана биздин күнөөлөрүбүздү Машаяктын өлүмү аркылуу жазалады. Машаяктын тил алуусу жана өлүмү аркылуу, Кудай Өзүнүн адилдигин ишке ашырат жана ал адилтикти бизге тартуулайт.

Машаяктын биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнө алуусу, бул Кудайдын бизге болгон адилдиги.

Биздин эң негизги көйгөйлөрдү Кудай Машаяк аркылуу чечкендигин биз этибарга деле албайбыз. Бирок, мунун бардыгы бир гана Машаяктын аркасы менен болгондугун билишибиз керек.

Сиз Машаякты аябай сүйө албайсыз. Сиз Ал жөнүндө абдан көп ойлонбойсуз, Ага аябагандай көп деле ыраазычылык билдирбейсиз, же Ага көз каранды экениңизди көп деле сезбейсиз. Бирок, биздин кечирилгендигибиз, акталгандыгыбыз жана адилдигибиз мунун бардыгы Машаякта.

Биздин күнөөлөрүбүз Машаяктын мойнуна жүктөлүп, Анын адилдиги бизге берилгендиги – бул Жакшы Кабар. Бул укмуштуудай алмашуу биздин иштерибиз аркылуу эмес, бир гана ишенимибиз аркылуу болот.

«Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги. Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес» (Эфестиктер 2:8-9).

Кыйынчылыктарды жеңилдетип, кубаныч тартуулап жана күч-кубат берген мына бул сонун кабар.

«Кудай күнөөлөрүбүздү эсепке албайт» аттуу насаат сөздөн үзүндү.