27-апрель: Ырдаган Кудайдын балдары

Jakshy Kabar Media

27-апрель: Ырдаган Кудайдын балдары

27-апрель
Ырдаган Кудайдын балдары
Жон Пайперден насаат сөз

Кудайды даңктап ырдашкандан кийин, алар Зайтун тоосуна жөнөштү.

Марк 14:26

Сиз Ыйсанын ырдап жатканын уктуңуз беле?Ал бас же тенордун добушу менен ырдайбы? Ал бийик добуш менен ырдайбы? Же Ал элдик, салттык үн менен ырдайбы? Ал көзүн жумуп алып, Атасына ырдады беле? Же Ал шакирттеринин ынтымак менен ырдап жатканын жылмаюу менен карап турду беле?

Адатта Ал Өзү ырды баштаганбы, же Петир, же Жакып, же Матай баштады беле?

Оо, мен Ыйсанын кантип ырдаганын угууну чыдамсыздык менен күтөм! Эгер Ыйса бул дүйнөдө Өзүнүн нукура үнү менен ырдай турган болсо, анда күндүн айланасындагы планеталар өз орбиталарынан чыгып кетмек деп ойлойм.

Бирок биз козголбос падышачылыкка ээбиз, ошондуктан, Теңир, алга, ырда!

Ырсыз машаякчылыкты элестетүү мүмкүн эмес. Ааламды негиздөөчү Өзү ырдаган. Ал муну Атасынан үйрөнгөн. Чындыгында, алар түбөлүккө бирге ырдап келишкен. Туурабы?

Үч Бирдиктүү Кудай менен түбөлүктүү мамиледен ырахаттанып ырдоодон өткөн бакыт барбы?

Ыйык Китепте ырдоонун максаты – “кубанычтын үнүн көтөрүү” деп жазылган (1 Жылнаама 15:16). Ааламда Кудайдын кубанычынан өткөн кубаныч жок. Анын кубанычы чексиз кубаныч. Кылымдар мурун, убакыт баштала электе эле, Кудай Өзүнүн кемчиликсиз сапаттарынын бардыгын Ыйсанын кудайлык сапатынан көргөнүнө абдан кубанган.

Кудайдын кубанычы чексиз күчкө ээ. Анткени Ал Кудай. Ал сүйлөп жатканда галактикалар пайда болот. Ал кубанычтан ырдаганда, бул ааламда болуп көрбөгөндөй энергия чыгат.

Биз Андагы толук кубанычты жар салышыбыз үчүн, Ал биздеги ырды жараткан.

Ошол сыяктуу, Кудай Ыйсаны көргөндө кубангандай эле, биздин ырларыбыз аркылуу биздеги кубанычты, бакытты жана шаттыкты көргөндө Ал да кубанат. Биз ырдаган элбиз, анткени ырдаган Кудайдын балдарыбыз.

“Ыйса менен бирге ырда” аттуу насаат сөздөн үзүндү.