26-апрель: Сиз Кудай үчүн жаралгансыз

Jakshy Kabar Media

26-апрель: Сиз Кудай үчүн жаралгансыз

26-апрель
Сиз Кудай үчүн жаралгансыз
Жон Пайперден насаат сɵз

«Теңир болсо Өзүнүн улуу ысымы үчүн Өз элин таштабайт, анткени Теңир силерди Өз каалоосу менен Өз эли кылып тандап алган».

1 Шемуел 12:22

Кудайдын ысымы кɵп учурда Анын кадыр-баркы жана атак-даңкы менен байланышта. Ушул сыяктуу эле, кимдир бирɵɵ ɵз атын жарыялап жатканда, биз «ысым» деген сɵздү колдонобуз. Же кээде, биз бул кайсы бир бренддин «аты» деп айтабыз. Биз кадыр-барктуу бренд жɵнүндɵ кеп кылып жатабыз. Менин оюмча, 1 Шемуел 12:22де Шемуел Кудай ысрайыл элин «Өзү үчүн» жараткандыгын жана «Өзүнүн улуу ысымы үчүн» Ысрайылды таштабай тургандыгын айткан.

Кудайдын Ɵзүнүн ысмына болгон ынталуулугун кɵрсɵткɵн ушундай ой жүгүртүүлɵр дагы башка аяттарда да тастыкталат.

Мисалы, Жеремия 13:11де Кудай Ысрайылды, алар буга убактылуу татыксыз болгон учурларга карабастан, Ɵзүнүн даңкын баса кɵрсɵтүш үчүн тандап алган белдемчи же кур катары сүрөттөйт. «Анткени кур адамдын белине жакын жаткандай, Мен Ысрайыл менен Жүйүттү Өзүмө жакындаттым, – дейт Теңир, – алар Менин элим болсун дедим, алар Менин даңкым, мактанычым, көркүм болсун дедим, бирок алар тил алышкан жок». Ысрайыл эли эмне үчүн тандалып алынып, Кудайдын кийиминин бир бɵлүгүн түзгɵнгɵ укуктуу? Мунун жообу «даңк, мактаныч жана кɵрк» болушу мүмкүн.

“Мактоо” жана “даңк” деген сөздөр бул контекстте “ысым” деген сɵздүн “даңк” же “атактуулук” же “кадыр-барк” дегенди билдирерин айтып жатат. Кудай ысрайыл элин, Анын атак-даңкын жарыялаш үчүн тандап алган. Ышайа 43:21де Кудай ысрайылдыктарды: «Бул элди Мен Өзүм үчүн түздүм. Ал Менин даңкымды жарыя кылат», – деп айткан.

Жыйын Жаңы Келишимде ɵзүн чыныгы ысрайыл эли экендигин көргөндө, Петир Кудайдын биз үчүн кандай максатты көздөгөнүн мындайча сүрөттөгөн: «Ал эми силер тандалган уруусуңар…. Силерди караңгылыктан Өзүнүн ажайып жарыгына чакырып алган Кудайдын улуу иштерин жар салыш үчүн тандалгансыңар» (1 Петир 2:9).

Башкача айтканда, бул дүйнөдɵ Ɵзүнүн атак-даңкын чыгарыш үчүн, Кудай ысрайылдыктарды жана жыйынды тандап алган. Ошондуктан биз биринчи кезекте «Сенин ысымың ыйык тутулсун» деп сыйынабыз (Матай 6: 9). Ошол себептен биз «Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат» деп сыйынабыз (Забур 22:3).

Кудайды биринчи орунга коюп жашаган эл жөнүндө кеп кылганда, Кудай эң маанилүү болгондуктан, Ага окшоп иштерди кыларыбызды унутпаңыз. Айкаш жыгачтын ушул жагы, бул Машаякка көз каранды, Машаякты даңазалаган адамдар экендигин билдирет. «Балдарым, силерге жазып жатканымдын себеби: силердин күнөөлөрүңөр Машаяктын ысымынын урматына кечирилген» (1 Жакан 2:12). «Сүйлөсөңөр да, иштесеңер да, бардыгын Теңир Ыйсанын ысымы урматына, Ал аркылуу Кудай Атага ыраазычылык билдирүү менен кылгыла» (Кол. 3:17).

«Кудайдагы жыргалчылык» аттуу насаат сɵзүнɵн үзүндү, 85-86 беттер