25-апрель: Пабылдын куткарылуусу сиз үчүн үлгү

Jakshy Kabar Media

25-апрель: Пабылдын куткарылуусу сиз үчүн үлгү

25-апрель
Пабылдын куткарылуусу сиз үчүн үлгү
Жон Пайперден насаат сɵз

Мен мурда Кудайга тил тийгизгем, Ыйсага ишенгендерди куугунтуктагам, кордогом, бирок мага ырайым кылынды, анткени мен буларды билбестиктен жана ишенбегендиктен кылгам. Биздин Теңирибиздин ырайымы мага ишеним жана Машаяк Ыйсадагы сүйүү менен кошо мол төгүлдү….Ыйса Машаякка ишенип түбөлүк өмүргө ээ боло тургандарга үлгү кылып көрсөтүү үчүн, Ал Өзүнүн чыдамдуулугун алгач мага көрсөтүп, мага ырайым кылды.

1 Тиметей 1:13-14, 16

Пабылдын Ыйсага ишенип калуусу сиздин жакшылыгыңыз үчүн эле болгондугун уктуңуз беле? Дагы бир жолу окуп кɵрүңүз: «Ыйса Машаякка ишенип түбөлүк өмүргө ээ боло тургандарга үлгү кылып көрсөтүү үчүн, Ал Өзүнүн чыдамдуулугун алгач мага көрсөтүп, мага ырайым кылды». Бул чындык биз үчүн – сиз менен мен үчүн.

Муну сиз жекече кабыл аласыз деп ишенем. Ал Ɵзүнүн чексиз ырайымы менен Пабылды тандап, куткарып алганда сиз жɵнүндɵ ойлогон.
Эгер сиз Ыйсага түбɵлүк ɵмүргө ээ болуу үчүн ишенсеңиз, же өмүргө ээ болуу үчүн Ага ишене турган болсоңуз, анда Пабылдын Кудайга кайрылуусу сиздин жакшылыгыңыз үчүн болгонун билиңиз. Анын Ыйсага ишенип калуусунун максаты, сизге Ыйсанын укмуштуудай чыдамдуулугун айкын кɵрсɵтүү эле.

Пабылдын Кудайга кайрылууга чейинки жашоосу Ыйса үчүн узак жана кыйын нерсе болгону эсиңизде болсун. Ал ишенбеген жана козголоңчул жашоосу менен Ыйсаны куугунтуктаган. Дамаскка кетип жаткан жолдо Ыйса андан: «Эмне үчүн Мени кубалап жатасың?» – деп сурады (Элч. иш. 9:4). Бирок Пабыл Галатиялыктар 1:15те, ал төрөлө электе эле, Кудай аны элчилик кызматы үчүн тандап алганын айткан. Бул чыныда таң калыштуу. Анткени, ал Кудайга кайрылганга чейин, Кудайды кордоп, Аны четке кагып, шылдыңдап жүрсɵ да, Ыйса ал төрөлө электе эле, аны элчи кылып дайындап койгон эле.

Ошол себептен Пабыл ɵзүнүн Кудайга кайрылуусун, Ыйсанын чыдамдуулугунун айкын далили деп айткан. Ал муну бүгүнкү күндө бизге да сунуштап жатат.

Ыйса Пабылды качан жана кантип куткарып алгандыгы, биздин жакшылгыбыз үчүн болгон. Ал бул аркылуу бизге «Ɵзүнүн жеткилең чыдамдуулун кɵрсɵткүсү» келген (1 Тим. 1:16). Мунун бардыгы, биз көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз үчүн, Ал бизди куткара албайт, же Ал ачууга тез алдырат деп ойлобошубуз үчүн, биз Кудайдан өтө эле алыстап кеттик деп, же биздин жакын досубуз же тууганыбыз Кудайдын мол ырайымынан азырап, куткарылбай калат деп ойлобошубуз үчүн болгон.

«Ишенгендердин баарына берилген мол ырайым» деген насаат сɵзүнɵн үзүндү.