24-апрель: Кечиримдин бошотуучу күчү

Jakshy Kabar Media

24-апрель: Кечиримдин бошотуучу күчү

24-апрель
Кечиримдин бошотуучу күчү
Жон Пайперден насаат сɵз

«Сенин күнɵɵлɵрүң кечирилди».

Лука 7:48

Ыйса бир фарисейдин үйүндɵ отурганда, Анын алдына бир аял келип, кɵз жашын тɵгүп, Анын бутун жууй баштады. Албетте, көзү менен бардыгына бул аялдын күнɵɵкɵр экендигин Ысмандын ымдаганы жана Ыйсага кол тийгизүүгө аялдын эч кандай укугу жок экени ал аялды уялдырбай койгон жок.

Чындыгында, ал аял күнɵɵкɵр эле. Ɵзүнүн күнɵɵкɵр жашоосу үчүн уялгандыгы туура болчу. Бирок бул нерсе узакка созулган жок.

Ыйса ага: «Сенин күнɵɵлɵрүң кечирилди» – деди (Лука 7:48). Коноктор бул тууралуу наалып башташканда, Ал анын ишенимин дагы да бекемдеш үчүн ага: «Сени ишенимиң куткарды. Тынчтык менен бара бер!» – деди (Лука 7:50).

Ыйса ага күнөөлүү сезимдердин оор залакасын жеңүүгɵ кантип жардам берди? Ал ага: «Сенин күнɵɵлɵрүң кечирилди! Сени ишенимиң куткарды. Келечегиң тынчтыкта болот», – деген сɵз берди. Анын мурунку күнөөлөрүнүн кечирилгендиги, эми келечекте тынчтык алып келерин айтты.

Демек, ал аял Ыйсанын кечиримдүүлүгүнө жана Анын эркиндик берүүчү Сөзүнө негизделген Кудайдын келечектеги ырайымына ишениши эле. Ушул сыяктуу эле, ар бирибиз күнөөнүн кесепети болгон уялуу сезимдер менен күрөшүшүбүз керек. Орунсуз уят, же жалган сезимдер менен эмес, бирок таасири көпкө созулган, коркунучтуу, оор залакасын тийгизген уялуу, же күнөлүү сезимдер менен күрөшүшүбүз керек.
Уятсыз иштерибиздин кечирилиши аркылуу келген келечектеги ырайымдын жана тынчтыктын убадаларына таянып, күнөөлүү сезимдердин айынан келген ишенимсиздик менен күрөшүшүбүз керек.

«Бирок Сенде кечирим бар, баары Сенин алдыңда коркуп турушсун» (Забур 129:4).

«Теңирди тапканга мүмкүн болуп турганда, Аны издегиле. Ал жакын турганда, Аны чакыргыла. Күнөөкөр өз жолун, мыйзамсыз жаман ойлорун таштап, Теңирге кайрылсын. Ошондо Ал ага ырайым кылат, биздин Кудайга кайрылсын, анткени Ал өтө ырайымдуу» (Ышайа 55:6-7).

«Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт» (1 Жакан 1:9).

«Ага ишенген ар бир адамдын күнөөлөрү Ал аркылуу кечирилет», – деп, бардык пайгамбарлар Ал жөнүндө күбөлөндүрүп келишкен» (Элч. иш. 10:43).

Биз, баарыбыз кечиримге муктажбыз. Эртең да ага муктаж болобуз. Ыйса ал кечиримди бизге бүгүн да, эртең да бериш үчүн өлдү. Бүгүнбү же эртеңби, Кудайдын кечирими биздин келечегибиз үчүн бизге эркиндик берет. Бул чындык. Кечиримдүүлүк келечектеги ырайымга толгон. Ал бизди күнөөлүү сезимдердин кыйратуучу кесепетинен арылтат.

Кечиримге негизделген Кудайдын келечектеги ырайымына болгон ишеним менен жашасак, биз таасири көпкө созулган, оор залакасын тийгизген уялуу, же күнөлүү сезимдердин кесепеттеринен арылабыз. Кечирим деген ушул.

«Келечектеги ырайым» аттуу насаат сɵзүнɵн алынды, 133-134-беттер