23-апрель: Шаарыңыздын жыргалчылыгы үчүн кам кɵрүңүз

Jakshy Kabar Media

23-апрель: Шаарыңыздын жыргалчылыгы үчүн кам кɵрүңүз

23-апрель
Шаарыңыздын жыргалчылыгы үчүн кам кɵрүңүз
Жон Пайперден насаат сɵз

«Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, Иерусалимден Бабылга Ɵзү кетирген бардык туткундарга мындай дейт: Υйлɵрдү куруп, ошол үйлɵрдɵ жашай бергиле, бак-дарак отургузуп, анын жемиштерин жегиле…Мен силерди туткундап алып барган шаардын жыргалчылыгы үчүн кам кɵргүлɵ, ал үчүн Теңирге сыйынгыла, анткени шаарга жакшы болсо, силерге да тынчтык болот».

Жеремия 29:4-5, 7

Эгерде Кудайдын Бабылдагы туткундарына айткан бул сөзү чындык болсо, анда «Бабылга-окшогон» дүйнɵдɵ жашап жаткан машаякчылар үчүн, мындан да кɵбүрɵɵк туура кɵрүнɵт. Эгер бул чындык болсо, анда биз эмне кылышыбыз керек?

Күнүмдүк турмушта жасалышы керек болгон нерселерди жасай беришибиз керек: үйлɵрдү куруп, бак-дарак отургузуп, жашай беришибиз керек. Эгер сиз муну жɵн эле элге кɵрүнүш үчүн эмес, адамдардын мактоосун алыш үчүн эмес, чыныгы Падыша үчүн жасап жатсаңыз, анда бул нерсе сизге эч кандай жаман таасирин тийгизбейт.

Кудай сизди жиберген жердин жыргалчылыгы үчүн кам кɵрүңүз. Ɵзүңүздү Кудай тарабынан, Анын даңкы үчүн жиберилгендей элестетиңиз. Анткени чынында эле ошондой.

Шаарыңыз үчүн Теңирге сыйыныңыз. Шаарыңызда улуу жана жакшы нерселер болушу үчүн сураныңыз. Бул Кудайдын күчү менен жана Анын даңкы үчүн болушун сураныңыз. Шаарыңызга материалдык жыргалчылыктан да миң эсе керек болгон негизги максаттан кɵзүңүздү албаңыз. Машаякчыларды көптөгөн кыйынчылыктар, ɵзгɵчɵ түбɵлүк азаптар ойго салат. Түбөлүк азап шаардын башына келе турган эн чоң коркунуч.

Ошондой болсо да, Кудай да, Анын адамдары да шаардын ден-соолугуна, коопсуздугуна, ɵсүп-ɵнүгүшүнɵ жана эркиндигине кайдыгер карашпайт. Баарыбыз эле ушул нерселерди каалайбыз, Ыйса айткандай: Ɵзүңдү кандай сүйсɵң, жакыныңды ошондой сүй (Матай 22:39). Чындыгында, Теңир «Шаарга жакшы болсо, силерге да тынчтык болот» деп айтуу менен, шаарга болгон сүйүү – бул ɵзүңүзгɵ болгон сүйүү экенин айтып жатат.

Бул нерсе биздин келгин болгон багытыбыздан баш тартабыз дегенди билдирбейт. Петир Машаякчылар бул дүйнөдө «жолоочу жана келгин» деп айтат (1 Петир 2:11). Ал эми Пабыл болсо «биздин мекенибиз асманда» дейт (Фил. 3:20). Чындыгында, бул дүйнɵдө, анын ɵзүнɵ тартып турган азгырыктарынан болгон эркиндигибизди жоготпой, аны туруктуулук менен сактасак, ал үчүн эң сонун жакшылыкты кылган болобуз. Эврейлер 13:14-аятка ылайык, «келечектеги шаардан» алынган баалуулуктар менен ɵзүбүздүн шаарыбызга э жакшы кызмат кылганга аракет кылабыз. Шаарыбыздын тургундарын Галаттыктар 4:26-дагы «Жогорку Иерусалимдин» тургуну болууга канчалык кɵбүрөөк үндɵсɵк, шаарыбызга ошончолук жакшылык кылган болобуз.

Ошондуктан, келгиле кɵптɵгɵн жакшы иштерди кылалы (1 Петир 2:12), муну кɵрүп, жаныбыздагы адамдар да биздин Падышабыз менен жолугууну каалашсын.

«Туткундар кантип Шаарга кызмат кыла алышат» аттуу насаат сɵзүнɵн үзүндү.