22-апрель: Коркпой жашоонун беш себеби

Jakshy Kabar Media

22-апрель: Коркпой жашоонун беш себеби

22-апрель
Коркпой жашоонун беш себеби
Жон Пайперден насаат сɵз

Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет.

Лука 12:32

Биз бул дүйнɵдɵ акча жана башка нерселер жɵнүндɵ Кудай кам санабашыбызды каалайт, анткени түйшүктɵн бошоткон коркпостук Ал жɵнүндɵгү беш улуу нерсени ачып берет.

Коркпостук, биринчиден, биз Кудайды ɵзүбүздүн Кайтаруучубуз катары баалаганыбызды кɵрсɵтɵт. «Кичинекей үйүр, коркпо!» Биз Анын үйүрүбүз жана Ал биздин Кайтаруучубуз. Эгер Ал менин Кайтаруучум болсо, анда Забур 22:1де айтылгандай, мен эч нерсеге муктаж болбойм». Тактап айтканда, мага эң керектүү болгон нерселерге мен муктаж эмесмин.

Экинчиден, коркпостук – бул биз Кудайды ɵзүбүздүн Атабыз катары баалагыныбызды кɵрсɵтɵт. «Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет». Биз Анын кичинекей үйүрү гана эмес, балдары да болуп эсептелебиз жана Ал биздин Атабыз. Ал чынында эле сиз жɵнүндɵ кам кɵрɵт, сиз эмнеге муктаж экениңизди билет жана ушул муктаждыктарды канааттандыруу үчүн баарын жасайт.

Түйшүк тартпоонун үчүнчү себеби Кудайды Падышабыз катары баалаганыбызды кɵрсɵтɵт. «Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет». Ал бизге Падышачылыкты бере алат, анткени Ал Падыша. Бул Анын кудуреттүү күчкɵ ээ экенин дагы бир жолу тастыктайт. «Кайтаруучу» деген сɵздүн дагы бир мааниси коргоо жана кам кɵрүү дегенди билдирет. Ал эми «Ата» деген сɵздүн кошумча мааниси бул – сүйүү, мээрим, бийлик, кам кɵрүү жана жетектɵɵ дегенди билдирет. «Падыша» деген сɵз болсо – бийлик, кɵз карандысыздык жана байлык дегенди билдирет.

Тɵртүнчүдɵн, коркпостук Кудайдын канчалык эркин жана кең пейил экендигин кɵрсɵтɵт. «Ал Падышачылыкты бергиси келет» – деген сɵзгɵ кɵңүл буруңуз. «Кичинекей үйүр,коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет». Ал Падышачылыкты сатпайт, ижарага же убактылуу колдонгонго бербейт. Анын байлыгы чексиз. Ал биздин тɵлɵмдɵргɵ муктаж эмес. Ошол себептен, Кудайыбыз берешен жана Өзүнүн белектерин кенен тартуулайт. Биз корккон кезде, ɵзүбүздүн муктаждыктарыбызды Ага тапшырсак, Аны даңазалаган болобуз.

Акырында, коркпостук жана түйшүк тартпоо, бул Кудай тɵмɵндɵгү нерселерди чынында жасагысы келерине биздин ишенгенибизди кɵрсɵтɵт. «Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет». Бул нерсе Ага ырахат тартуулайт. Ал буга эч нааразы эмес. Падышачылыкты бизге берүү Аны кубантат. Ар бирибиздин эле «алгандан көрө, берген бактылуу» – деген аталарыбыз болгон эмес. Бирок бул кайгы мындан ары маанилүү нерсе эмес. Анткени азыр сиздин ушундай Атаңыз, Кайтаруучуңуз жана Падышаңыз бар.

Ошондуктан бул аят биз Кудайды ɵзүбүздүн Кайтаруучубуз, Атабыз жана Падышабыз катары баалашыбыз керектигин көрсөтүп турат. Бизге түбɵлүк ɵмүрдү жана кубанычты, Кудайдын Падышачылыгын – асман Падышачылыгын берүү Аны кубантат жана ага ээ болуу үчүн керектүү бүт нерсени Ал бизге берет.

Эгерде Кудайды ушундай бааласак, анда коркунуч бизден алыс болот жана Кудай даңкталат.

«Акча аркылуу Кудайды даңазалоо» аттуу насаат сɵзүнɵн үзүндү.