19-апрель: Жолу болбогон адамдар үчүн келечек

Jakshy Kabar Media

19-апрель: Жолу болбогон адамдар үчүн келечек

19-апрель
Жолу болбогон адамдар үчүн келечек
Джон Пайперден насаат сөз

“Коркпогула, силер күнөө кылдыңар, бирок Теңирден четтебегиле, Теңирге жан-дилиңер менен кызмат кылгыла. Эч нерсеге жарабаган жасалма кудайларга кайрылбагыла, аларды ээрчибегиле, алар куткарбайт, пайда алып келбейт, анткени алар – эч нерсеге арзыбаган нерселер. Теңир болсо Өзүнүн улуу ысымы үчүн Өз элин таштабайт, анткени Теңир силерди Өз каалоосу менен Өз эли кылып тандап алган.”

1 Шемуел 12:20–22

Ысрайылдыктар башка элдердей болгусу келип, Шемуелден падыша сурап күнөөгө батышкан. Аларды коркунуч басканда, алар күнөөлөрү үчүн тобо кылышкан. Ошондо: «силер күнөө кылдыңар», бирок «Коркпогула» – дегене жакшы кабар келди. Бул өзгөчө укмуштуудай айткан cөздөрдү угуп жатасызбы. Балким сиз анын: «Корккула, анткени силер күнөө кылдыңар», – деп айтышын күтүп жаткансыз. Коркууга себеп болгон, анткени алар Кудайдан башка падышаны талап кылып чоң күнөө кылышкан! Бирок Шемуел ал нерсени айткан жок. Ал: «силер күнөө кылдыңар, бирок коркпогула» – деди.

Ал сөзүн мындай деп улантты: «Бирок Теңирден четтебегиле, Теңирге жан-дилиңер менен кызмат кылгыла. Эч нерсеге жарабаган жасалма кудайларга кайрылбагыла, аларды ээрчибегиле, алар куткарбайт, пайда алып келбейт, анткени алар – эч нерсеге арзыбаган нерселер».

Сиз чоң күнөө кетирип, Теңирге акарат келтирген болсоңуз да, сизде күнөө деп эсептелген башка падыша болсо дагы, ал күнөөнү же анын азаптуу кесепеттерин жок кылууга болбосо дагы, ушунун баарына карабастан, келечекке болгон үмүт жана ырайым бар. Бул сиз үчүн Жакшы Кабар:

Коркпоңуз! Коркпоңуз!

Жакшы Кабардын негизи жана маңызы – Ыйык Жазуудагы 1 Шемуел 12:22 аяттан келет. Ушунчалык жамандык кылсаңыз дагы, эмне үчүн коркпошуңуз керек? «Теңир болсо Өзүнүн улуу ысымы үчүн Өз элин таштабайт, анткени Теңир силерди Өз каалоосу менен Өз эли кылып тандап алган».

Жакшы Кабардын негизи – бул Кудайдын Өз ысымы аркылуу убада бериши. Сиз ушуну уктуңуз беле? Күнөө кылсаңыз дагы коркпоңуз, “Теңир Өзүнүн улуу ысымы үчүн өз элин таштабайт”.

Бул сизге эки таасирин тийгизиши керек: жүрөктү козгогон момундук жана зор кубаныч. Момундук, анткени сиздин баалулугуңуз куткарылуунун негизинде эмес. Бакыт, анткени сиздин куткарылууңуз Кудайдын Өз ысымына ишенимдүү болгондой бекем. Мындан өткөн бакыт жок.

«Кудайдын ырахаты» аттуу аңгемеден үзүндү, 84-бет