17-апрель Ыйсаны кабыл алуу

Jakshy Kabar Media

17-апрель Ыйсаны кабыл алуу

17-апрель
Ыйсаны кабыл алуу
Джон Пайперден насаат сөз

“Кудайды сүйүү деген – Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес. Анткени Кудайдан туулган адам дүйнөнү жеңет. Дүйнөнүн үстүнөн жеңишке жеткирген нерсе – бул биздин ишенимибиз.”

1 Жакан 5:3-4

Кудайды сүйүү – бул Анын осуяттарын аткарып коюу менен гана чектелбешине көңүл буруңуз. Бул Кудайдын жүрөгүнө абдан жакын нерсе болгондуктан, осуяттарды аткаруу оор эмес дегенди билдирет – дейт Жакан. Бирок, ал бул чындыкты сүйүү тарабынан эмес, кайрадан төрөлүү жана ишеним жагынан баяндайт. Анткени Кудайдан туулган ар бир адам дүйнөнү жеңгендиктен, Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес – деп ал кайра-кайра, тажабастан айтат. Ошентип, Кудайдын осуяттарын аткарууда бул дүйнөнүн кыйынчылыктарын жеңүүгө жардам берген кыйын эмес нерсе – бул жогорудан төрөлүү.

Акыры ал: “дүйнөнүн үстүнөн жеңишке жеткирген нерсе – бул биздин ишенимибиз” деп кошумчалайт. Ошондуктан, жогорудан төрөлүү – Кудайдын осуяттарын кыйналбастан аткаруу үчүн дүйнөнүн тосколдуктарын жеңет, анткени жогорудан төрөлүү ишенимди пайда кылат. Ошентип, жогорудан төрөлүү керемети Кудай биз үчүн Машаякта ээ кылган бардык бакытты камтыган жана дүйнөнүн азгырыктарына моюн сунганга караганда, Кудайдын осуяттарына чын жүрөктөн баш ийгенге жардам берген ишенимди жаратат. Кудайды сүйүү деген мына ушул.

Он сегизинчи кылымдын пастору жана теолог Джонатан Эдвардс бул текстти изилдеп жатып, төмөнкүдөй чечимге келди: Куткаруучу ишеним сүйүүнү далилдейт. Кудайга болгон биздин сүйүүбүз Анын осуяттарын аткаруу жолундагы кыйынчылыктарды жеңгенге мүмкүндүк берет. Бул сүйүү куткара турган ишенимде, жашоодо жана күчтө абдан маанилүү экенин көрсөтүп турат, анткени бул сүйүү улуу натыйжаларды алып келет. Мен Эдвардс айткан нерсени туура деп эсептейм жана Ыйык Китептеги көптөгөн тексттер анын айткандарын тастыктайт.

Дагы бир айта кетчү нерсе, Машаякка ишенүү – бул Кудайдын ким экендигине макул болуу гана эмес, Ал Машаяктын ичинде биз үчүн ким болсо, ошону толук кабыл алуу. Кандай гана болбосун, чыныгы ишеним Ыйык Жазууда Ыйса жакыр күнөөкөрлөрдү кабыл алгандыгын айтат. Бул Эдварддын дагы бир айткан сөзү. Бул “кабыл алуу” – Ыйсага болгон эң жогору турган сүйүүнүн бир түрү.

Ошондуктан, 1 Жакан 5:3 ортосунда карама-каршылык жок, бул Кудайга болгон сүйүүбүз бир жагынан Анын осуяттарын аткарууга жардам берет деп айтылат, ал эми 4-аятта айтылган ишенимибиз Кудайдын осуяттарын аткарууга тоскоол болгон дүйнөнү жеңип жатат деп айтылат. Кудайды жана Машаякты сүйүү ишеним аркылуу айкын көрүнүп турат.

Андан кийин Жакан “Ыйсанын Кудайдын Уулу экендигине ишенген адамдын” ишенимине моюн сунган ишеним деген аныктама берет (1 Жакан 5:5). Бул ишеним Ыйсаны Кудайдын Уулу жана даңктуу Кудай катары кабыл алган ишеним. Ыйсанын Кудайдын уулу экендигине жөн эле ишенип коюу керек эмес, анткени буга жиндер да ишенишет. “Алар: «Кудайдын Уулу, бизде эмне ишиң бар? Сен бизди белгиленген убакыт келе электе эле кыйнаганы келдиңби?» – деп кыйкыра башташкан” (Матай 8:29). Ыйсанын Кудайдын Уулу экенине ишенүү – бул чындыктын маанисин “кабыл алуу” дегенди билдирет. Бул Машаяк Кудайдын Уулу экендигин жана Машаякта Кудайды толугу менен кабыл алуу дегенди билдирет.

«Кудайдын Уулу» деген Ыйса Атасы менен бирге ааламдагы эң улуу инсан экендигин билдирет. Ошондуктан, Ал окуткан нерселердин бардыгы чындык жана Ал убада кылган нерселердин бардыгы бекем турат жана Анын канааттандырган Анын улуулугу эч качан өзгөрбөйт.

Демек, Анын Кудайдын Уулу экенине ишенүү, ушунун бардыгына үмүттөнүнүү жана ага канааттанууну билдирет.

“Келечектеги ырайым” аттуу аңгемеден үзүндү, 159-160-беттер